Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте көчө оңдоо үчүн жабылды
Бишкекте көчө оңдоо үчүн жабылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерге ремонт иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылып, унаа кыймылына чектөөлөр коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Капиталдык ремонт Васильев көчөсү (Манас проспектисинен Түлөбердиевге чейин) жана Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская (Кийизбаевден Мамбетовго чейин) көчөсүндө башталды.
Мындан тышкары, төмөнкү беш көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:
  • Исакеев көчөсү (Ауэзовден Валихановго чейин);
  • Шевченко көчөсү (Жибек жолунан Мичуринге чейин);
  • Леваневский көчөсү (Лев Толстойдон Асаналиеге чейин);
  • Гражданская көчөсү (Төрөкул Айтматовдон Курманжан даткага чейин);
  • Каховский көчөсү (Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейин).
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0