ТИМ чет өлкөдөгү кыргызстандыктар референдумда кантип добуш бере аларын айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКиши добуш берүү учурунда. Архив
Киши добуш берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Референдумда Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору үчүн макулдук берип же каршы пикир билдирүү керек. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Учурда чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргыз жарандары 11-апрелде өтө турган референдумга катышуу үчүн 27-мартка чейин каттоодон өтүшү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28 мамлекетте 48 добуш берүү участкасы түзүлдү.
"Мыйзамга ылайык, чет өлкөдө иштеп, окуп жүргөн жарандарда шайлоочулар тизмесине кирүү үчүн милдеттүү түрдө консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Добуштардын жыйынтыгын эсептеп жаткан БШК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Референдум өткөрүүгө 55 млн. сомдон ашык каражат сарпталат
Ал үчүн кыргызстандыктар добуш берүүгө 15 күн калганга чейин, тагыраагы, 27-мартка дейре арызын тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
ТИМден кошумчалашкандай, 11-апрелде өтө турган референдумда шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар гана добуш бере алат.
Референдумда Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору үчүн макулдук берип же каршы пикир билдирүү керек. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0