Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги гүлдөр. Архив
Бишкектеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
20-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +14…+19, Талас жергесинде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбордо +16…+18, Ошто +17…+19 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0