БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Салтанат Аманова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Салтанат Аманова Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүн жетектеп келген.
Аталган кызматты буга чейин аркалаган Кайрат Иманалиев министр болуп кеткен соң бул орун бош турган.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаш балдарды зордуктаган педофилдерди бычып салуу мыйзамын кайрадан көтөрдү.
Эл өкүлү ушул мыйзам долбоорун колдоого алууну суранып мамлекет башчысына кайрылды.
"Биз V чакырылышта отурганда, 2013-жылы, балдарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычууну сунуштаганбыз. Ошол учурда депутаттар колдогон, бирок президенттин каршы пикири менен мыйзам долбоору өткөн эмес. Дагы деле ушундай кылмыштар болуп жатат. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы киши зордуктаган. Мен ушул мыйзамды киргизүү үчүн президентке кайрылат элем", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал педофилдерди химиялык жол менен бычуу мыйзамы кошуна Казакстанда эки жылдан бери иштеп келе жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир нече киши Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы тынчтык митингине чыгышты.
Алар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат.
Катышуучулардын бири Медер Тилектеш уулунун айтымында, алар "жаңы эле митингдер тынчып, коронавирус күч алып турганда көп адамды чогулткусу келген эмес".
"Казинолорду ачык-айкын иштетүүгө жол берген мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Биз буга каршыбыз. Арам акча менен бюджетти толтурабыз деп жатышат. Эгер элин бага албаса, орундарын бошотуп, билимдүү, иштейт деген адамдарга өткөрүп беришсин", — деди ал.
Чогулгандардын арасында казинодон жабыркагандар дагы бар.
"Менин балам кумар оюндарына берилген, тапкан-ташыганынын баары ошол жакка кетет. Мен көз жашы төгүлгөн миңдеген энелердин атынан чыгып жатам. Казиного чет элдиктер гана барат деп жатышат. Бирок өзүбүздүн балдар дагы барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Балдарды дүйнөдө өнүгүп жаткан инновациялык технологияларга, жаңы кесиптерге үйрөтүүнүн ордуна маңкурт кылып казиного киргизип койгонубуз туура эмес", — деди катышуучулардын бири.
Мындан кийин тынчтык митингине чыккандар Өкмөт үйүнүн алдына берууну пландап жатат.
Турусбековдун айтымында, бул мыйзам долбоору Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат.
Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүү үчүн башка ыкманы колдонууга болорун айтып чыгышкан.