Кыргызстанга кытай вакцинасы алып келинди. Sinopharm тууралуу эмне белгилүү?

© REUTERS / AKHTAR SOOMROSinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Кытай өз өндүрүшүндөгү вакцинаны Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштүн алкагында берди. Sinopharm вакцинасы тууралуу Sputnik Кыргызстандын бул материалынан окуңуздар.
Республикага 150 миң ченемдеги Sinopharm кытай вакцинасы келди. Аны утурлай КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде өлкөгө келген доза 75 миң кишиге жетерин айткан эле.
Алгач вакцина көп сандагы адамдар менен иштегендерге, атап айтканда, медик, мугалим, чек арачыларга салынат. Андан соң өнөкөт илдети бар жана 65 жаштан өйдөңкү кыргызстандыктар эмделет.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы бийлик өлкөдө жапырт эмдөөнү баштоого белсенип турган кытай вакцинасынан кеп козгоону чечти.
Sinopharm ("Синофарм") — коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар чет элдик мамлекеттерде да жактырган.
Препарат активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) коронавирустун негизинде жасалган. Бул – вакцина жаратууда эң ынанымдуу ыкмалардын бири. Буга дейре ушул эле технология боюнча, маселен, дифтерияга, В түрүндөгү гепатитке, полиомиелитке, көк жөтөл (коклюш) жана столбнякка каршы вакциналар чыгарылган.
Кытай COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасын Кыргызстанга акысыз берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Кытай вакцинасын Кыргызстан кантип тосуп алды. Сүрөт
Курс эки баскычтан турат. Бул каражат булчуңга 21 күндүк аралык менен сайылышы керек. Аны Sinopharm компаниясынын бөлүгү – China National Biotec Group Company (CNBG) Ухандагы Вирусология жана Биологиялык өндүрүмдөр институттары менен кызматташтыкта иштеп чыккан.
Бул вакцинаны сыноолордун үчүнчү фазасы он өлкөдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Перу, Сербия, Марокко, Аргентина, Иордания жана Пакистанда жүргүзүлгөн.
Бирок компания үчүнчү баскычтын сыноолору жөнүндө пресс-релиздерден жана майнаптуулугунун көрсөткүчтөрүнөн тышкары рецензияланган медициналык журналдарда жарыялаган жок, вакцина тууралуу маалымат чыкпады. Ушундан улам дүйнөлүк эксперттер жана эпидемиологдор анын натыйжалуулугунан шек санайт.
"Бул вакцина канчалык жакшы таасир этерин айтыш кыйын", — деп билдирет Оксфорд университетинин эпидемиологу Чжэнмин Чен.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Радио
Бейшеналиев: COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
Европа биримдигинен биринчилерден болуп Венгрия Sinopharm вакцинасын пайдаланууну чечкен. 16-февралда бул мамлекет 550 миң доза вакцина алган, алдыдагы төрт ай аралыгында дагы 5 миллионду алууга үмүттөнүп турат. Бирок Венгрия медициналык палатасы мүнөздөмөлөрү расмий жарыяланбагандыктан Sinopharm вакцинасын пайдаланууга кеңеш бере албай турганын маалымдаган.
Дүйнөлүк маалымат каражаттары Перуда анын сыноолору былтыр декабрда токтотулганына да көңүл бурбай коюшкан жок. Анткени ыктыярчылардын бири эмделгенден кийин неврологиялык Гийен-Барре синдромунун белгилери пайда болгон.
Бул дарт тооруганда адамдын колдорун кыймылдатуусу кыйындап калат.
"Бир нече күн мурда жөнгө салуучу органдар изилдөөнүн 64 жаштагы катышуучусунда неврологиялык белгилер байкалган. Булар Гийен-Барре синдромуна байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай нерсенин болушу күмөнсүтөт, анткен менен коопсуздук биринчи даражадагы мүнөздө. Ошол себептен дал эмне болгонун аныктоо үчүн изилдөөнү утурумдук токтотуу чечими кабыл алынды", — деп билдирген изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Херман Малага.
Изилдөөлөр негизинен препарат коопсуз экенин көрсөткөн, ал эми эмдөөдөн соң антителонун жогорку деңгээли иштелип чыгат. Вакцинанын майнаптуулугу 86 пайыз, ал эми коронавирустун оор кесепеттеринен коргоо даражасы 100 пайыз деп бааланууда. Ошол эле убакта Түркиядагы, Индонезия жана Бразилиядагы өнөктөштөрү препараттын натыйжалуулук деңгээлин 50дөн 91 пайызга чейин деген бүтүмгө келишкен.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Министр КРде COVID-19га каршы вакцина акы төлөгөн учурда канча турарын айтты
Sinopharm вакцинасын сактоодо минустук температуранын зарылдыгы жок. Андыктан аны ташуу, тийиштүү муздаткыч камералары жок өлкөлөргө таратууну кыйла жеңилдетет.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бийлик эмдөө иштеринде өнүгүп келе жаткан 53 жана экспорттук келишимге ээлик кылган дагы 22 мамлекетке көмөк көрсөтүүдө.
КЭР жана бир катар өлкөлөрдө кытайлык Sinopharm фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан вакцинанын 43 миллион дозасы пайдаланылды. Алардын 34 миллиону Кытайда, калганы чет өлкөлөрдө, көбүнесе Азияда колдонулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0