БИШКЕК, 20-март — Sputnik. Туура эмес режим менен уктоо организмди май басууга алып келерин америкалык дарыгерлердин маалыматына таянып Express жазып чыккан.
Адамдын уйкусу канбаса ички органдарынын айланасында май ткандарынын пайда болорун адистер айтып беришкен.
Ал эми көп уктоонун да кооптуулугун эскертишкен.
"Эгер көп уктасаңыз, висцералдык майдын пайда болуу ыктымалдыгы бир топ жогорулайт, бул өтө кооптуу, анткени ал зат алмашууга байланышкан жүрөк оорусунун өнүгүшүнө шарт түзөт", - деп жазылган маалыматта.
Май басууну алдын алуу үчүн адистер күнүнө алты сааттан сегиз саатка чейин уктоого кеңеш берет.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.