Республикалык штабда карантиндик чектөөлөрдү киргизүү маселеси көтөрүлдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков
Биринчи вице-премьер Артем Новиков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Соңку бир аптада COVID-19 жуктургандардын саны өсүп кеткени өкмөттөгү жыйында айтылып, мындан улам массалык иш-чараларга чектөө киргизүү сунушталууда.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, коронавирустан коргонуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо
Ал эми саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев массалык иш-чараларга чектөө киргизүүнү, коомдук жайларда бет кап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо эрежелерин күчөтүү зарылчылыгын билдирген.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Биринчи вице-премьер Артем Новиков
"Саламаттык сактоо системасынын биринчи звеносу ар бир облустан айыл өкмөттөргө чейин калктын ден соолугуна байкоо салып турушу керек. Эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп баратса кошумча чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралат. Дары-дармектин кеминде эки айлык запасы сакталып турушу зарыл. Баалары мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болот. Кийинки жумада фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугам", — деди Новиков.
Ошондой эле ал 1-апрелге чейин бардык медициналык мекемелер кычкылтек берүү системасына кошулуп, ал эми өзүнчө ачылган жана жарым стационардык мекемелерди кычкылтек концентратору менен камсыздоо тапшырмасын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0