"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ичип кеткен энесинин азабын, атасынын аялына кор болуп жашап жатканын айтып, окурман кыз кат жазган.
Саламатсыңарбы, сиздерге кат жазганымдын себеби үйдөгү көйгөй, апамдын атама кол көтөргөнү болду. Апам менен атам алыскы айылдардын биринде жашайт. Биз эки кыз, бир уул, үч бир тууганбыз. Сиңдим экөөбүз шаардабыз. Мен тигүү цехинде иштейм, сиңдим колледжде окуп жатат. Байкем да үйдөгү жаңжалдан тажап шаарга баса берген. Ал да курулуш тармагында иштеп жүрөт. Үйлөнө элек. Үйлөнгүсү келсе деле келинчегин үйгө алып баргандан уялса керек. Мен деле 25 жашка чыгып калганым менен азырынча турмуш курууну ойлонгон да жокмун. Себеби апамдын кылык-жоругунан уялам.
Мурда аябай жакшы турчубуз, апам бухгалтер, атамдын менчик трактору болуп өз оокатыбызга тың элек. Бир кезде ата-энем айылга элден биринчи жаңы стандарттагы чоң там да салышкан. Кийин апам жумушунан кетип, айылда дүкөн ачып иштете баштады. Ошол кезди ойлосом сонун болчу. Дүкөндө каалаган таттуулар, үйдө тынчтык. Атам болсо талаа иштери, чарбасы менен алек болуп жүрчү. Кийин ошол дүкөнүбүз биздин үйдөгү беймарал жашообузга бүлүк салды.
Апам мас болгондо аябай кишичил. Үйдөгүлөргө күн көрсөтпөйт. Ошондуктан сиңдимди да жаныма алууга туура келди. Алагүү кезинде колуна эмне тийсе чабат. Атамды үтүк, үбөлүк менен чаап жиберген күндөрү болду. Атам байкуш бир кезде баркы бар айылдаштарынын алдында өлбөгөн төрт шыйрагы калды көрүнөт. Азыр апам ичип алса эле атама кол салат. Үйдө тынчтык жок. Айылга барганда кеткиче шашабыз. Анткени колубуздан эчтеке келбейт. Башында апамды дарылатып да көргөнбүз. Кийин ээ боло албай калдык. Апама ачуум келгенде атамды шаарга алып кетүүнү да ойлойм. Бирок өзүбүз кенедей батирде турабыз. Сиңдимди окутуп жатам. Апамды да кантип жалгыз калтырып кетебиз. Иши кылып айла жок болуп калды.
Ичимдик адамдын жеке жашоосуна жана үй-бүлөсүнө кыйынчылыктарды гана алып келет. Ичкен адам жашоосун өзгөртүү үчүн бир гана өзү чечим чыгарып күрөшө алат. Алкоголизм — бул эмоционалдык көз карандылык. Ал бара-бара химиялык көз карандылыкка алып келет. Ошондой эле ичкиликке берилгендер деградацияга туш болот. Үйдө атасы же энеси ичсе, ортодо балдар үчүн чоң кыйынчылыктар жаралат.
Ал эми дарылоо жагын алсак, ичкен адамдын өзүнүн каалоосу болмоюнча зордоп дарылоо мүмкүн эмес. Ал киши мындай чечимге өзү келиши керек.
Бишкекте алкоголиктердин анонимдүү реабилитациялык борборлору бар. Эгер макул десе, апаңарды ошондой борборлорго алып барсаңар болот. Мен силерге күч-кубат каалап, өз жашооңорду баалоону үйрөнүшүңөр керектигин айтар элем.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды. https://www.instagram.com/p/CNpmxEsFjY7/
Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.
Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 2019-жылы колдонууга чыгарылган Жазык кодекстерин жокко чыгарууну жана Бишкекте милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү сунуштады.
Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү тартип сакчыларынын саны аз болгондуктан митинг учурунда элден таяк жей берип жалтак болуп калганын айтты.
"Эгемендүүлүктү алгандан бери Бишкекте төрт эле райондук милиция иштеп жатат. РИИБдердин саны качан көбөйөт? Элдин саны өсүп, милициянын иши күн санап көбөйүүдө. Түркия, Кытай, Америкада митингге 5000 адам чыкса, 10 000 полиция кызматкерин коёт. Ал эми бизде 10 000, 20 000 киши чыкса да 2500 милиционер турат. Байкуштарды таш, келтек менен урасыңар, жеткен жерден желкеге чабасыңар. Алар таяк жей берип жалтактап бүттү. Ошондуктан Бишкекке дагы төрт РИИБ кошуп берүүнү сунуштайм", — деди Рысалиев.
Ошондой эле 2019-жылы күчүнө кирген Жазык кодекстери өзүн актабаганын айтып, аларды жокко чыгарып 1994 жана 1997-жылкы кодекстерге кайтып келүүнү демилгеледи.
"Кошуна мамлекеттердин баары эски кодекстер менен иштеп жатат. Азыр ар бир тергөөчүдө 500-600 кылмыш иши турат. Муну жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ал эми тергөө менен макулдашуу деген берене айыпталуучуга курал катары колдонулууда. 2019-жылы кабыл алынган кодекстерде гуманизация болот дешкен, бүгүн анын жыты дагы жок", — деди депутат.Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 2010-2012-жылдары ички иштер министри, андан кийин бир жыл Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген.