БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Картошка кандагы глюкозаны тез эле жогорулатып жиберерин эскерткен диетолог Мария Шубина. Бирок ченеми менен колдонсо калориясы аз тамак катары өтө пайдалуу экенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эксперттин айтымында, жашылча калориялуу азыктарга кирбейт, бирок анын гликемиялык индексине көңүл буруу керек.
"Картошкада гликемиялык индекс чынында жогору болот. Башкача айтканда, картошка кандагы глюкозаны тез эле жогорулатып коёт", — деп билдирди диетолог.
Шубинанын сөзүнө караганда, бул азыкты ашыкча колдонуу чындыгында жүрөк, кан тамыр ооруларынын өрчүшүнө таасир берет. Бирок мындай аныктамадан улам коркуп, толугу менен баш тартып койгонго болбойт. Гликемиялык индекси жогору болбогон жаш, жаңы картошкаларды тандоо керек.
Ошондой эле дарыгер аны кайнатпоо керектигин жана ысык жегенге болбостугун айтты. Картошканы балык же эт өңдүү белок жана каймак май менен аралаштыруу пайдалуу. Ал эми анын зыяндуу курамын азайтуу үчүн ага уксус кычкылын кошуу керек.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.
"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.