Россияда билим алган КР студенттери окуусуна кайтууга уруксат алды

© Sputnik / Илья Аверьянов / Медиабанкка өтүүДальневосточный федеральный университет
Дальневосточный федеральный университет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Чет элдик студент 10 күн мурда өзү билим алган окуу жайга келе тургандыгы тууралуу электрондук почта аркылуу кабар бериши керек.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Эпидемиологиялык абал туруктуу өлкөлөрдө жашаган студенттер Россиядагы окуусун уланта берсе болот. Бул тууралуу РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинен билдиришти.
Бул мүмкүнчүлүктү төмөндөгү тизмеге кирген мамлекеттердеги студенттер, аспиранттар, ординаторлор жана даярдоочу курстардын угуучулары колдоно алат.
"Ушул тапта Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Вьетнам, Греция, Египет, Индия, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Куба, Мальдив Республикасы, БАЭ, Сербия, Сингапур, Танзания, Түркия, Финляндия, Швейцария, Эфиопия, Түштүк Корея жана Япониянын студенттери Россияга киргизилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Чет элдик студент 10 күн мурда өзү билим алган окуу жайга келе тургандыгы тууралуу электрондук почта аркылуу кабар бериши керек.
Кыргызстанга билим алуу үчүн кайсы өлкөдөн көп студент келет  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Конго, Ливия, Израиль... Кыргызстанда кайсы мамлекеттен келген студенттер көп
Россияга уча турган акыркы үч күн ичинде ПЦР-тест тапшырып, жыйынтыгын орус жана англис тилдеринде жаздырышы зарыл. Россиянын аймагына кирген соң 72 сааттын ичинде дагы бир ирет ПЦР-тест тапшырылат. Анын жыйынтыгы чыккыча студент обочолонуп туруп, маалым кат колуна тийгенден кийин гана окууга бара алат.
Эгер Россияга келген алгачкы күндөрү студент өзүнөн курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын белгилерин байкаса, дароо ЖОЖго кабар берип, дарыгерди чакыртышы керек.
Кененирээк ар бир студент өз окуу жайынын расмий сайтынан тааныша алат.
Кошумча суроолор пайда болсо +7(495)198-00-00 номерине чалып же scminobr@mail.ru дарегине кат жолдоого мүмкүнчүлүк бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0