Кыргызстандыктарды кайсы өлкө башчылары Нооруз майрамы менен куттуктады. Тизме

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүВоенный парад в ознаменование 75-летия Победы
Военный парад в ознаменование 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Бир нече мамлекеттин жетекчилери Нооруз майрамы менен куттуктоолорун жөнөткөн. Алардын ар бири бул датанын маанисине токтоло кетти.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери жана эл аралык уюмдардын башкы катчылары президент Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Алардын ар бири майрамдын мааниси тууралуу эске салып, Жапаровдун ишине ийгилик, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүү каалашты.
Куттуктагандардын арасында төмөнкү лидерлер бар:
  • Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президенти Нурсултан Назарбаев;
  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Ирандын президенти Хасан Рухани;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Ошто Нооруз майрамы кадимкидей шаан-шөкөт менен белгиленүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Ошто Нооруз майрамы кадимкидей шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Сүрөттөр
Мындан тышкары, Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен мураскер ханзаадасы  Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд куттукттоо жолдогон.
Ошондой эле президент ЖККУ (башкы катчысы Станислав Зась), ТМКК (башкы катчысы Багдад Амреев), ШКУ (башкы катчысы Владимир Норов) жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтен куттуктоолорду алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0