Учурда араб өлкөлөрүнүн биринде кыргыз диаспорасын жетектеген Бермет Карагулова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Кыргызстанда окуп иштеп жүрүп, чет өлкөгө алгачкы сапарыңыз Афганистанга болгон экен. Согуш жүргөн мамлекетке эмне болуп барып калдыңыз эле?
— Өзүм Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөм. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин кыска убакыт мектепте мугалимдик кесипти аркалап калдым. 2009-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Американын "Ганси" авиабазасына кирип, эки жылдай ашканада, дүкөндө иштедим. Бирок чет өлкөгө чыгып иштесем деген каалоом күч эле. Дал ошол маалда Афганистанга жумушчулар кабыл алынып жатканын айтып калышты. Ата-энемен тил кат алып, кооптуу аймакка бара жаткандыктан өзүмдү психологиялык жактан аябай даярдадым. Ал кезде үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болуп жаткандыктан эч нерсеге карабай эле кеткем. Бизге алгач каска, ок өткөрбөс чарайнаны тез кийип, кайра чечкенди үйрөтүштү, кээде эртең менен аскер кызматкерлери менен чуркап турчубуз. Базанын ичинен спирт ичимдиктерин ичкенге, телефон колдонгонго, сүрөткө тартканга толук тыюу салынган. Себепсиз жумуштан калганга уруксат берилбейт эле, ооруганга дагы болчу эмес. Аскер базасынын ичинде дүкөндө иштеп калдым. Анын ичи чакан шаардай эле болчу, чачтарачкана, дүкөндөр бар. Жүргүнчү ташыган узун автобустар да каттап турчу. Ал жакта менден башка бирин-экин кыргыз балдар-кыздар дагы эмгектенчү, алар мага көп нерсе үйрөтүштү.
— Афганистанда узак убакыттан бери согуштук аракеттер токтобой келет. Кандагарда сиздин өмүрүңүзгө, ден соолугуңузга коркунуч жараткан учурлар болбой койбосо керек?
— Анан азыр кайсы өлкөнүн жаранысыз?
— Аскер кызматкеринин аялы болгондуктан Американын жарандыгын алууга мага жеңил болот экен. Бирок өлкөмдү сүйгөндүктөн мага мындай чечим кабыл алуу өтө кыйын болду. Ага чейин Кыргызстандан кетпейм, бул жакта иштеп, жок дегенде төрт-беш балалуу болом деп кыялданып калчумун. Кийин уулумду чоңойтуп эрезеге жеткирем деп чет мамлекеттерде көп жүрүп калдым. Бирок баламдын келечегин ойлоп, азыр жарандыгымды алмаштырууга мажбур болуп жатам. Анткени бул чечимдин аркасында 16 жаштагы балама жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ал АКШда биз менен чогуу болуп, билим алып, коомдо өз ордун тапса деген эле тилегим бар.
— Ал эми Кувейтке качан бардыңыз эле?
— Кувейтке 2013-жылы кетип Jumeirah деген беш жылдыздуу отелде төрт жылдай иштедим. Андан соң соода тармагында, аэропортто да эмгектенип калдым. Учурда Кувейттин борборундагы чоң соода борборлордун биринде супервайзермин.
— Азыр сиз өзүңүздүн негизги жумушуңуздан сырткары кыргыз диаспорасын да жетектейт экенсиз. Негизи Кувейтте эмгек мигранттары арбын экенин билебиз, кыргызстандыктар кандай жумуштарда иштешет?
— Бул жакта Кыргызстандын 132 жараны бар, диаспоранын башында турганыма бир-эки жылдай эле болду. Кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, мекендештерди чогултуп мааракелерди өткөрүп, элчилик менен тыгыз байланышып турам. Ошондой эле жаңы келген кыргызстандыктарга кеп-кеңеш, жардам берүүгө аракет кылабыз. Акыркы жылдары арабдар Кыргызстанга көп барууда, биз колдон келишинче өзүбүздүн мамлекетти жарнамалап калабыз. Анан уялбай эле жергиликтүү байлардан Кыргызстанга кайрымдуулук жөнөтүү үчүн акча сурай беребиз. Пандемия маалында 3000 доллардай акча салдык.
— Ошондо төрт миллиондой кувейттикти эки миллиондой чет элдик тейлейт экен да.
— Ооба. Кызмат көрсөтүү жагында көбүнчө индиялык жана филиппиндиктер 90 динарга деле иштей берет экен. Алар үчүн ошол акча көп окшойт, ал 100 долларга дагы жетпей калат. Кувейттиктер чет өлкөгө чыгып эс алууну жакшы көрүшөт. Эс алганы кеткенде сөзсүз бирден кызматкерин жанына алып алышат. Кызматчылар өзү каалаган кийимди кие албайт. Жумушчулар үчүн атайын форма бар. Көчөдө же дүкөндө кимиси байдын аялы, кимиси жардамчысы экенин шак эле байкайсың.
— Ар бир мамлекеттин, улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү, тартиби, үрп-адаты бар. Кувейтке жаңы барган мекендештер көбүнчө эмнеден кыйналышат?
— Кыргызстан сыяктуу салкын мамлекеттен келгендер көпкө чейин ысыгына көнө албайбыз. Себеби бул жакта жайкысын 62 градуска чейин ысыйт. Ошондой эле булактан таза суу ичип жүргөндүктөн крандан аккан суусун такыр иче албайсың. Дүкөндөн кичинекей бөтөлкөдөгү суу 70-100 сомго сатылат, ага караганда күйүүчү май бир топ арзан. Андан сырткары, көңүл ачуучу жайлары жок, спирт ичимдиктери сатылбагандыктан чыдабай кетип калгандар дагы болот. Негизи бул жакка иштейм дегендер эле келиши керек.
— Башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу укук коргоо кызматкерлери менен көйгөй жаралып, сот жоопкерчилигине тартылган мекендештерибиз аз болсо керек?
— Менимче, Кувейтте билим алуу акысы өтө жогору, билим алуудан башка кыргызстандыктар үчүн ал жакта кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
— Бул жакта четтен келгендерге көп мүмкүнчүлүк бере беришпейт. Оңой менен жарандык ала албайсың, мигранттарга ишкерлик менен алектенүүгө да шарт жок. Мамлекеттин ичинен кайсы гана товар болбосун, жөн эле алып чыгып кетүүгө мүмкүн эмес. Жергиликтүү ар бир шейхтин үйдөгү аялынын сулуулук салону, дүкөндөрү толтура. Кувейт бийлиги кыргызстандык жогорку окуу жайлардын дипломдорун таанып жумушка ала берет. Акыркы учурларда мугалим, программист, инженерлерге суроо-талап көп болуп жатат, аларга жакшы айлык акы төлөнөт.
Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.
Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралган. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элине, жерине батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.
Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.
"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.