Жүрөктү сактайт. Уктаганда туура кандай жатыш керек экени айтылды

CC0 / Pixabay / Jess FoamiВлияние сна на здоровье
Влияние сна на здоровье - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Дарыгердин түшүндүргөнүнө караганда, адам оң капталына жатканда өпкө жүрөктү кыспайт, ага күч келтирбейт.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Оң капталына жатып колу-бутун аз-маз бүгүп уктаган кишинин организми эң сонун эс алат. Бул тууралуу невролог Евгений Соковдун "Аргументы и факты" гезитине берген маегине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Дарыгердин түшүндүргөнүнө караганда, бул учурда өпкө жүрөктү кыспайт, ага күч келтирбейт. Ал эми көмкөрөсүнөн жатуу бир топ зыян алып келиши мүмкүн экен.
"Көмкөрөсүнөн уктаган киши башын бир жагына буруп жатат эмеспи. Ал учурда мойнундагы артериялык тамырлары буралып калышы мүмкүн. Ошондой эле көп убакыт бою чалкасынан жатып уктоо дагы кооптуу. Адам ого эле катуу уктап кеткенде тил кадимкидей эс алып шалдырай түшөт да, аба киргизбей кекиртекти жаап калышы ыктымал", — деди Соков.
Адис уктоо үчүн идеалдуу учур 22.00 менен 6.00дүн ортосу деп эсептейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0