Баткендин Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталды

Лейлекте 28 млн. сомдук оорукананын курулушуна капсула салынды. Сүрөттөр

(жаңыланган 18:03 22.03.2021)
Курулуш ушул жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландалып жатат. Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзөт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

  • Заложение капсулы на месте строительства новой больницы в Баткенской области
    Баткендин Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Заложение капсулы на месте строительства новой больницы в Баткенской области
    Бүгүн, 22-март күнү, Лейлек районундагы Кулунду айылында Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Заложение капсулы на месте строительства новой больницы в Баткенской области
    Иш-чарага облус башчысы Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Баткендин Лейлек районунда жаңы оорукананын курулушу башталганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады

Бүгүн, 22-март күнү, Лейлек районундагы Кулунду айылында Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү.

Иш-чарага облус башчысы Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды.

"Ыйгарым укуктуу өкүл аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылаган "Ас-Сафа-Борбору" коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле аталган бирикменин облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы өзгөчө баалоого арзый турганын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.

Билдирмеде айтылгандай, Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун жалпы аянты 510 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу жаңы имаратта хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер, медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн палаталар болот.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан ооруканага керектүү медициналык шаймандар менен заманбап жабдуулар да орнотулары айтылат.

Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзөт.

Белгилер:
сүрөт, курулуш, оорукана, Лейлек району, Баткен облусу
Тема боюнча
Баткен жана Согди облустарынын башчылары бир пикирге келишти. Сүрөт
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам
Митингтеги болгон медицина кызматкерлер биринчи вице-премьер Артем Новиков менен

Митингге чыккан медиктер менен бийлик кандай келишимге келди

(жаңыланган 23:10 16.04.2021)
Новиковдун айтымында, медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акыларын төлөөдө бийлик мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кеңири жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Медицинские работники, вышедшие на митинг к белому дому на встрече с вице-премьер-министром КР. 16 апреля 2021 года
    Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков встретился с медицинскими работниками, вышедшими на митинг к белому дому. 16 апреля 2021 года
    Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды. Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты

Бүгүн ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.

Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.

"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.

Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.

Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Артем Новиков, медик, митинг
Тема боюнча
Кыргызстандын аэропортторуна чектөөлөр киргизилүүдө
Милиция таяк жеп жатат, Бишкекке дагы 4 РИИБ ачалы. Рысалиевдин сунушу видеодо
Жапаров бир катар медиктердин айлыгын көтөрдү
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева

Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

(жаңыланган 23:16 16.04.2021)
Майя Мусаеванын айтымында, өлкөдөгү фармацевтика тармагынын ишин ЕАЭБ принцибине которсок дары рыногу тартипке келип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.

Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.

Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.

Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Майя Мусаева, стандарт, ден соолук, дары, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Новиков дары-дармектин кымбатташына эки фактор таасир этип жатканын айтты