Милиция кызматкери. Архив

Баткендин ЖКККБ жетекчиси адам өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Чоо-жайы

(жаңыланган 19:35 22.03.2021)
Тергөөнүн версиясы боюнча, изделип жаткан милиция кызматкери ишкерди өлтүрүү үчүн 2 миллион сом төлөп берүүнү убадалап жергиликтүү тургунду жалдаган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Баткенде ишкерди өлтүрүүгө буйрутма берген деп шектелген Баткен ОИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги изделүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Алардын айтымында, М.Н. аттуу милициянын подполковниги Тажикстандын аймагына качып кеткен деп изделип жатат.

Эске салсак, буга чейин милиционер киши өлтүрүү иши боюнча камакка алынып, дагы бири изделип жаткан.

Кармалган милиция кызматкери Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинген. Тергөөчүлөр Жазык кодексинин 39-беренесинин ("Киши өлтүрүүгө аракеттенүү") негизинде кылмыш ишин козгошкон.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, 2008-жылдын 8-июлунда кечки саат 21:30дар чамасында Сүлүктү шаарынын Элмуратов көчөсүндө белгисиз төрт жаран 32 жаштагы Т.М. аттуу жергиликтүү ишкерге кол салып, сабап, из жашырып кеткен.

"Аларга буйрутманы азыркы тапта изделип жаткан подполковник бериши мүмкүн. Себеби сабалган ишкер менен подполковниктин жакыны делген дагы бир ишкердин ортосунда чыр чыккан. Алар Сүлүктү шаарындагы көмүр кенин иштетишчү. Тергөөнүн версиясы боюнча чырдан кийин изделип жаткан милиция кызматкери жергиликтүү тургунга ишкерди өлтүрүү боюнча буйрутма берген. Натыйжада ишкерге кол салуу болуп, бирок ал аман калган. Кийин окуяга тиешеси бар делип С.С. аттуу 23 жаштагы киши укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, Сүлүктү шаардык соту тарабынан 2015-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал буйрутма берди делген подполковниктин атын атаган эмес. 2020-жылы эркиндикке чыгып, буйрутма берген тараптан акчасын талап кылган. Башында акчасын төлөп турган тарап кийин андан баш тарткан", — деди маалымат булагы. 

Абакта отуруп чыккан киши кийин 2 миллион сомдун 500 миңин ала албай калганын айтып подполковниктин үстүнөн прокуратурага арыз жазган. М.Н. ошол арыздын негизинде изделип жатат.

Белгилер:
издөө, милиция, шектүү, ишкер, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
ИИМ: киши өлтүрүү иши боюнча милиционер кармалды, экинчиси издөөдө
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар