Ээн турган "Ганси" акыркы үмүт эле... Кызыл зонада иштеген медиктин каты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационарда бейтаптын жанында отурган медицина кызматкери. Архив
Күндүзгү стационарда бейтаптын жанында отурган медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Зуура Мадылканова Бишкектеги Студенттер бейтапканасында акушер-гинеколог болуп иштейт. Пандемияда кызыл зонада эмгектенген. Ал учурду дарыгер Улуу Ата Мекендик согуш убагы менен салыштырып, дарыгерлердин көргөн азаптуу күндөрүн баяндап берди.
Белгилей кетсек, дарыгер дал ушул баяны менен кайрымдуулук фонддордун бири уюштурган сынакта биринчи орунду алган.
Каттын грамматикалык гана каталары оңдолуп, мааниси толугу менен сакталды.
23-март. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталды...
Бул күнү дароо эле министрлик башкы дарыгерибиз Жороевге түн ичинде чалып, чет мамлекеттен учуп келе турган биринчи каттамды тосуу үчүн команда түзүү керектигин айтты. Ал киши "макул, кызматкерлеримди жиберейин" деп түнү менен 72 медикти мейманканага обсервацияда иштөөгө жөнөттү. Алардын баары өз каалоосу менен баргандар эле. Ошол учурда мен башкы дарыгердин орун басары болчумун. 25 кишиден турган команданы жетектеп "Манас" аэропортундагы "Ганси" базасында жайгашкан обсервацияга 35 күнгө жөнөдүк. Бизди ал жакта эмне күтүп турганы белгисиз эле. Бардык. Алгач базага Пакистандан, көбүнчө Россиядан келген жарандарды жаткырып, ПЦР анализдери таза чыккыча көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүп жаттык. Сырттан келген адамдардын арасында жан кейиткен абалдагылар да бар эле. Арасында онкология менен ооруган адамдардын абалын көрүп жүрөгүң сыздайт. Ал эле эмес, "иштейм" деп барып карантиндин айынан иши жок анорексия (ачка) болуп баспай калган жаш жигитти кезиктирдик. Көрсө, ал бала Россияга жаңы иштегени барганда карантин кирип калып же жумуштан жок, же үйдөн жок ара жолдо калып, аз жерден ачкадан өлүп кала жаздаптыр. Ошол убакта алапайын таппай жалдырагандардын баарына колдон келген медициналык жардам көрсөтүп жаттык.
Билинбей "каргашалуу июль айы" келип, өлкөдө абал курчуду.
© Фото / из личного архива Зууры МадылкановойЗуура Мадылканова Бишкектеги Студенттер бейтапканасында акушер-гинеколог болуп иштейт. Пандемияда кызыл зонада эмгектенген.
Акушер-гинеколог в Студенческой поликлинике Бишкека Зуура Мадылканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Зуура Мадылканова Бишкектеги Студенттер бейтапканасында акушер-гинеколог болуп иштейт. Пандемияда кызыл зонада эмгектенген.
27-июлда "Ганси" базасы стационарга айланды. Буга чейин обсервацияда кармалып тургандарды шаарга жөнөтүп, кызыл зонага айландык. Эки күндүн ичинде 340 орундуу Чүй облустук ооруканасы бейтаптарга толуп, 360 орун менен биз ачылдык. Алсыраган, эсин жоготкон, дем ала албай жыгылган бейтаптар агылып келе баштады. Аларды көргөндө кырдаал курч экенин сездик, үрөй учту. Баягы бригада үч командага бөлүнүп, сегиз саатта бирден алмашып жаттык.
Трагедия в Кыргызстане глазами российских врачей — 5 историй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2020
Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен. Беш баян
Коргонуучу каражаттар аба өткөрбөйт, жайдын аптабы, күндүн ысыгында сегиз саат эч нерсе ичпей иштедик. Тер шорголоп агат, бирок жардам сурап жаткан бейтаптарга кол сунуп жатып баарына кайыл болуп калганбыз. Бейтаптардын алсыраган кебетесин көргөндө ачка-ток экениңди унутуп да коет экенсиң. Бригада жетекчиси болгондуктан кээде форма менен 10 сааттан ашык убакыт жүргөнгө (14 саатка чейин) туура келип жатты. Себеби оор абалдагы бейтаптар көп эле. Ээн турган "Ганси" ошол мезгилде элдин акыркы үмүтүнө айланды. Ага чейин коркуп жаткандар аргасыздан агылып келе баштады. Анткени жакындарын аман алып калуу маанилүү эле. Биз да алардын үмүтүн аткарууга болгон күчүбүздү жумшадык.
Адамдын көптүгүнөн бейтаптардын карточкасынын биринчи бетин жана дарылоо баракчасын эле толтурганга үлгүрүп жаттык. Үч дарыгер кабыл алып, медайымдар чуркап кан тамырга тамчылатма коюп, кичи медицина кызматкерлери оорулууларды жетелеп жаткырып жатышты.
Адатта Тез жардам кызматы абалы оор бейтаптарды алып келип, ооруканага кезекке турбай эле киришет. Бирок кайрылган бейтаптардын көбүнүн абалы оор болгондуктан Тез жардам өзү эле кезекке туруп жатты.
"Жардамга, эси ооп калды, дем ала албай жатат..." деген үндөр. Бирине барсам, экинчиси "бизди да карап койгулачы" деп жалбарат. Медиктер жетишпей калды. Айлабыз кеткенде оорулууларды сырттан эле бөлгөнгө туура келди. Абалы өтө начарларды жаткырып, кээ бирине ошол жерден дары жазып берип, айрымдарына автоунаадан ийне сайып, айтор, тызылдап жүрдүк.
© Фото / из личного архива Зууры МадылкановойМедик: башында кычкылтек концентраторлору жетишсиз эле. Эки кабаттуу, 112 орундуу бир корпуста эки эле концентратор иштеп жаткан. Бир концентраторду бир бейтапка 20-30 мүнөт берип, андан кийин экинчисине сүйрөйбүз.
Акушер-гинеколог в Студенческой поликлинике Бишкека Зуура Мадылканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Медик: башында кычкылтек концентраторлору жетишсиз эле. Эки кабаттуу, 112 орундуу бир корпуста эки эле концентратор иштеп жаткан. Бир концентраторду бир бейтапка 20-30 мүнөт берип, андан кийин экинчисине сүйрөйбүз.
Ошентип бир күндүн ичинде 360 орундуу корпус толуп калды. Андан кийин 370 орун, 385 орун менен Травматология жана ортопедия борбору эки корпус ачып, алар жарым күндө эле толуп калды. Онкология борбору ачкан эки корпуска да тез эле бейтаптар чогулду.
Башында кычкылтек концентраторлору жетишсиз эле. Эки кабаттуу, 112 орундуу бир корпуста эки эле концентратор иштеп жаткан. Бир концентраторду бир бейтапка 20-30 мүнөт берип, андан кийин экинчисине сүйрөйбүз. Пневмониядан дем ала албай кыйналгандардын саны өсүп, абалы оорлор көбөйө баштады. Аларды көргөндө баягы эки концентраторду баарына кантип жеткиришти билбей айлабыз куруду. Биз кандай жол менен болсо да адам өмүрүн сактап калышыбыз керек болчу. Бирок тилегибизди таш капты. Концентратор жетишпей, абалы оорлор көбөйүп, жоготуулар башталды.
Ар кайсы корпустан урөй учурган кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу. Аларды көргөндө жүрөк чыдабады. Бирок биз согуш убагындагы солдаттардай болчубуз. Оору менен колдон келишинче күрөшө бердик. Айрым күндөрү эмне жеп, эмне ичкенибизди унутуп деле калчубуз. Көп адам дүрбөлөңгө түшүп, коркуп, өздөрүн таштап салды. Ошол мезгилде биз психологдун да ролун аткарып, аларга дем-күч бергенге аракет кылдык.
Врачи, отдавшие жизнь из-за эпидемии, — стена памяти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2020
Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Кайтыш болгон ак халатчандар
Биздин корпуста биринчи 61 жаштагы эже үзүлдү. Ал ак кан болгондуктан сактай алган жокпуз. Көз жумганга чейин аябай кыйналды. Жаны кейигенден "мени кое бергилечи" деп аппаратты сууруп салат, жанындагы кызы менен аны кайра эптеп иштетебиз. Акыры алып кала алган жокпуз, аппаратта жаткан жеринен кете берди...
Ошол учур али да көз алдымда. Эже үзүлдү, кызы менен баласы чыркырап жанында отурат. Биз болсо андагы аппаратты алышыбыз керек болчу. Себеби ары жакта дагы бир бейтапка аба жетпей кыйналып жаткан. Жок дегенде ошонун өмүрүн сактап калалы дедик. Бирок концентраторду сөөктөн алууга кол барбайт... Акыры эптеп алып башка бейтапка аргасыздан таккан элек.
Ошол күндөн тартып айрым абалы жакшырып калган бейтаптар коркуп "үйгө эле барып дарыланалы" деп чыгып кетишти.
Күн менен түн кантип өтүп жатканын билбей иштеп жаттык. Бейтаптардын аягы үзүлгөн жок. Бара-бара кычкылтек концентраторлору көбөйө баштады. Айрымдарын бейтаптардын жакындары алып келсе, кээ бирин ыктыярчылар ташып жатышты.
Ошол учурду мен согуш убагы менен салыштырар элем. Согушта жаракат алгандарды боз ала топуракка, баткакка оонап ташып медициналык жардам көрсөтүшсө, биз коргоочу кийимдер менен дарылап жаттык.
© Фото / из личного архива Зууры МадылкановойМедик: коргонуучу каражаттар аба өткөрбөйт, жайдын аптабы, күндүн ысыгында сегиз саат эч нерсе ичпей иштедик. Тер шорголоп агат, бирок жардам сурап жаткан бейтаптарга кол сунуп жатып баарына кайыл болуп калганбыз.
Акушер-гинеколог в Студенческой поликлинике Бишкека Зуура Мадылканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Медик: коргонуучу каражаттар аба өткөрбөйт, жайдын аптабы, күндүн ысыгында сегиз саат эч нерсе ичпей иштедик. Тер шорголоп агат, бирок жардам сурап жаткан бейтаптарга кол сунуп жатып баарына кайыл болуп калганбыз.
65 жаштагы кант диабети менен ооруган бейтап жаткан. Аны экинчи баласы карап жүрдү. Ал жигит "Гансидеги" биздин оору менен согушубузду көрүп аябай жаны кейип боору ооруп жүргөн. Атасынын көзү өткөндөн кийин документтерин жасап бүтүп, тил кат жазып сөөктү алып кетерде тизелеп отуруп бутумдан кучактап "Зуура эже, кылган аракетиңиздер үчүн сиздерге ыраазымын" деп айтканда өзүмдү коёрго жер таппай калган элем.
Дарт менен алышып жүрүп үйдөгүлөрдү унутуп калганбыз. Бир күнү күйөөм чалып 10 жаштагы балам ооруп калганын айтты. "Зуура, уулубуз ичи өтүп, дене табы көтөрүлүп, соолуп эле жатып калды. Тамак да ичпей жатат", деди. Ага кайсы дарыларды бериш керек экенин чалып айтып коюп, кайра жумушка кириштим. Жумуштун көбүнөн баламды унутуп коюпмун. Үч күндөн кийин кайра күйөөм чалып "сен кызык адамсың го, балаңды бир сурап койсоң боло" деп айткан эле. Көрсө, уулубуз коронавирус болуптур. Андан кийин эптеп убакыт таап ага чалып, сурап жаттым. Кудайга шүгүр, ооруну жеңди.
Белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Коронавирустан кийин жүрөккө операция жасаткандар көбөйдү. Абдрамановдун маеги
Ошол мезгилде медиктер бейтаптарды жакыным, таанышым деп бөлгөн жок. Ага убактысы да болгон жок. Бир күнү базага жанымда иштеп жаткан медайымдын Азат деген иниси оор абалда келип жатты. Жанында Апрель революциясынан кийин бир өпкөсүнөн айрылган, астмасы бар, кант диабети менен жабыркаган жигит да жатты. Биздин коркконубуз ошол жигит эле. Анткени анын абалы Азаттыкынан да оор болчу. Бирок ал жигит өзүн кармады, чыдамкай, күчтүү экен. "Революциядан аман калгам, бул ооруну да жеңем" деп өзүнө-өзү дем берип, кыймылдап аракет кылып жатты. Ал эми Азаттын абалы күндөн-күнгө төмөндөп, сатурациясы түшүп, аны жандандыруу бөлүмүнө которууга туура келди. Тез жардам унаасына салып шаарды көздөй алып жөнөдүк. Автоунаанын ичинде темир баллондогу кычкылтек менен дем алдырып, сүйлөшүп келе жаттык. Жолдун узактыгын ошондо сездим. Жугуштуу илдеттер ооруканасына бара жатканбыз, Лев Толстой көчөсүнө бурулганда кычкылтек түгөнүп калды. Азат дем ала албай көгөрө баштады. Эмне кылышты билбей калдык. Бир маалда эжеси (медайым) экөөбүз аны жөлөп отургузуп алып туура дем алууга үйрөтө баштадым. Ошондо дем алуусу бир аз калыптана түштү. Ооруканага жетери менен дароо аппаратка жаткырдык. "Жакшы болуп кетер" деп кайра "Гансиге" кеткем. Бир суткадан кийин Аида чалып Азатынан айрылып калганын айтты... Медиктер башкаларга жарыгыбызды чачып, өзүбүз күйдүк.
Ошол учурда элден айланса болот эле, бизге колунан келген жардамын беришти. Тамагынан тарта коргонуучу каражаттардан бери ташышты. Аларга ыраазыбыз!
Ошол учурдагы баштан өткөн окуялардын баарын жазсак өзүнчө бир китеп болчудай. Сөзүмдүн аягында эл-жерде, дүйнөдө тынчтык болсун дээр элем. Эч ким эч качан оорубасын! Биз болсо эл үчүн кызмат кылууга дайым даярбыз!
Жаңылыктар түрмөгү
0