Эл көп жүргөн жерге барбагыла. Министрлик эскертүү берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкекте бет капчан адамдар. Архив
Бишкекте бет капчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Коронавирус боюнча соңку статистикада Бишкек шаары менен Чүй облусунан оору жугузуп алгандар көп катталды.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин жашоочуларын алдын ала коргонуу чаралары менен санитардык нормаларды бекем сактоого чакырды. Бул туурасында Коомдук саламаттык боюнча башкармалыктын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Ал соңку күндүн статистикасына токтолуп, аралыкты сактоо абдан мааниге ээ экендигин кошумчалады. Эске салсак, республикада коронавирус жуккан 75 учур катталса, анын 56сы Бишкектен чыккан.
"Борбор калаада оору кайра көбөйүп жатат. Социалдык аралыкты сактап, эл көп жүргөн жерге барбай, бет кап тагынып, санитардык нормаларды бекем кармоону дагы бир ирет суранабыз", — деди Акматова.
Буга чейин да Бишкек мэриясы шаардыктар менен маршрутка айдоочуларын санитардык нормаларды бекем сактоого чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0