Айыл чарба техникасы. Архив

Кыргызстандыктар лизингге кандай мүлктөрдү алышат? Статистика

77
Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы лизинг ишмердигин 14 компания жүргүзүп, жалпысынан 1,3 миллиард сомго бааланган 560 келишим түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ошондой эле бул сумма 2019-жылга салыштырмалуу 12,6 пайызга аз болгону айтылды.

Кыргызстандыктар былтыр лизингге кандай мүлктөрдү алган:

  • Айыл чарба техникасы, машина жана механизмдер — 37 пайыз;
  • Курулуш-жол техникасы, машина жана механизмдер — 30,9 пайыз;
  • Кыймылсыз мүлк — 11,4 пайыз;
  • Транспорт каражаттары — 10,4 пайыз;
  • Башкалар — 6,6 пайыз;
  • Компьютерлер — 2,6 пайыз;
  • Мал — 1 пайыз.

Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат. Кредиттен айырмасы — насыя алган киши каражатты өзү каалагандай пайдаланып, кийин аны акча түрүндө эле кайтарып берсе, лизингге мүлк алган тарап анын баасын ижара акысы катары төлөп отуруп кутулат. Кийин мүлк менчикке чыгып, лизинг алган тарапта калат.

77
Белгилер:
статистика, мүлк, лизинг, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн 433 млн. доллар кайсы багыттарга жумшалган
Кыргызстан Өзбекстанга айыл чарба жаатында бир нече долбоор сунуштады. Тизме
Өкмөт быйыл дыйкандарга 314 млн. сом жеңилдетилген насыя берди
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив

Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү

6
(жаңыланган 14:17 17.05.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров пандемия учурунда маяна берилбей жатса эмне кылуу керектигин айтты.

Эгерде маяна алуучу күн майрам же дем алышка туш келип калса, эмгек акы ошол күнгө чейин алдын ала төлөнүшү зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү

Анын айтымында, эмгек акы айына бир жолу сөзсүз төлөнүшү керек.

"Пандемиядан улам иш берүүчүлөр экономикалык кризиске туш болду. Мунун кесепети жумушчуларга дагы тийип, маяна өз учурунда тийбей жатты. Мыйзамга ылайык, эмгек акы айына бир жолудан кем эмес төлөнөт. Эмгек акы төлөө мөөнөтү жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында белгиленет. Маяна ала турган күн дем алыш же майрамга туш болуп калса, эмгек акы ага чейин төлөнүүсү зарыл. Эмгек келишим токтотулганда бардык төлөнө турган акы иштин акыркы күнүнөн кечиктирилбестен кызматкерге берилет. Иш берүүчү эмгек, өргүү жана башка акыларды төлөөнүн мөөнөтүн бузганда ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошуп төлөөгө милдеттүү. Жумуштан бошотулган учурда иш берүүчү эсептешүү күндөн кечиктирген каражаттын 0,5 пайзын ар бир күн үчүн кошуп төлөшү керек", — деди Бакиров.

Юрист пайыздардын жалпы суммасы негизги төлөнө турган каражаттын 200 пайызынан ашпашы керектигин кошумчалады.

6
Белгилер:
жумушчу, маяна, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева

Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады

4
(жаңыланган 14:12 17.05.2021)
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева учурда өлкөдө туризм акырындан жанданып, көбүнесе вакцина алган саякатчылар келе баштаганын билдирди.

Былтыр сырткы туризм такыр токтоп калса, быйыл вакцина алгандар, ооруп айыккандар жана санитардык нормаларды жакшы сактагандар келе баштады. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады

Анын айтымында, пандемияга карабастан Кыргызстан туризм үчүн ачык.

"Туризм тармагы пандемияга байланыштуу абдан жабыр тартты. Өткөн жайда өлкөгө сырттан туристтер келген эмес. Быйыл акырындап көбөйө баштады. Алар — вакцина алып, санитардык нормаларды сактап жана ооруп сакайгандар. Адамдар эки жылга чукул карантиндик абалда отуруп, ар кандай стресске туш болду. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн саякаттоо эң мыкты жол болуп саналат. Соңку учурда активдүү жаштар көбөйдү. Учурда туристтердин ПЦР-тест тапшырып өлкөгө кире берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Тилеке каршы, бул жаатта бир топ көйгөйлөр чыгууда. Ошол эле авиакаттамдар менен учуп келүү кымбат болуп жатат. Көп өлкөлөрдөн түз рейс жоктугуна байланыштуу туристтер Түркия же Россия аркылуу келүүгө мажбур. Мындан тышкары, маркетинг жаатында аксап жатабыз. Ушул багыттарда аракет көрүү зарыл. Экологиялык, тоо туризми жана Жибек Жолундагы өлкө катары өзүбүздү көрсөтүүбүз керек. Чындап алганда өлкөнүн туристтик потенциалы абдан эле чоң. Бул жакка келип кайра кетип жаткан туристтердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндө табияттын кооздугун, элдин меймандостугун баалашат", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле ал туристтер көбүнчө аймактарды, ал жактагы карапайым калкты көрүүнү каалай турганын кошумчалады.

4
Белгилер:
пандемия, БУУ, туризм, Айша Мамбеталиева
Тема боюнча
Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот

Кумтөр териштирүүсү кандай аяктайт деп ойлойсуз?

0
(жаңыланган 15:01 17.05.2021)
0