Дордой конушуна 48 миллион сомго жаңы бала бакча салынат

© AFP / JOHN MOOREБалдар бакчасында көнүгүүлөрдү аткарып жатышат. Архив
Балдар бакчасында көнүгүүлөрдү аткарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Жаңы курула турган бала бакча алты тайпага, 140 орунга ылайыкташмакчы. Анын долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүткөн.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкектеги Дордой жаңы конушуна бала бакча куруу үчүн тендерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, салына турган мектепке чейин билим берүү уюму алты тайпага, 140 орунга ылайыкташкан. Анын долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүткөн.
"Имараттын ичинде ойногонго ылайыктуу бөлмөлөр, тамак ичүүчү жай, ашкана, уктоочу, медицина бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал жана башка бөлмөлөр жайгашмакчы. Тендер Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясында өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы бала бакчаны тургузууга 48 миллион 398 миң 113 сом керектелип, акча шаардык бюджеттен бөлүнөрү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0