Бензин куйган айдоочу. Архивдик сүрөт

Бензинди кантип үнөмдөө керектигин эксперт айтып берди

187
(жаңыланган 10:46 24.03.2021)
Майды үнөмдөөнүн дагы бир жолу — автокөлүктүн ичиндеги кошумча комфортту чектөө. Маселен, кондиционерди өчүрүп, ал тургай терезелерди жаап коюш керек.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Автоунаага куйган бензинди үнөмдөө үчүн чукул токтотуп же ылдамдыкты чукул көбөйтпөш керек. Ушул жана башка кеңештерди РИА Новости автомобиль боюнча эксперт Егор Васильевдин айткандарына таянып жазды.

"Газ педалын болушунча жумшак кылып баскан жакшы, себеби бул жолдогу абалды байкап, карап барганга, кээде кескин ылдамдатып жибербегенге мүмкүнчүлүк берет", — деген эксперт.

Кыймылдаткычка аз күч келгендей кылып жүргөнгө аракет кылуу керек. Үнөмдөөнүн дагы бир жолу — автокөлүктүн ичиндеги кошумча комфортту чектөө. Маселен, кондиционерди өчүрүп, ал тургай терезелерди жаап коюу кажет.

Жергиликтүү шартты эске алып, алдын ала ойлонуштуруп койгон жакшы. Маселен, кыядан көтөрүлүп бара жатканда ылдамдыкты акырындап кошуп отуруп, майды көп коротпой күү менен анын башына чыгып алса болот. Ал эми бурулуш, имерилиштерде болушунча кенен алган дурус. Ал эми чукул кирип алып, кескин бурганда да кошумча энергия жумшалып, чыгымдоо механизми кадимкидей иштейт. Анан албетте, бензинди "өөнөп" албаган май бекеттерден куюп, автотыгын болгон жолдорго кирип албаш керек.

187
Белгилер:
кеңеш, эксперт, үнөмдөө, бензин, автоунаа
Тема боюнча
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Айдоочулар бензинди кантип үнөмдөсө болот. Эксперттен 7 кеңеш
Турак-жай үйү. Архив

7-майда Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

11
(жаңыланган 18:04 06.05.2021)
Өчүрүүлөр мурда пландалган боюнча жүргүзүлөт. Монтаждоо топтору электр чубалгыларын жана трансформаторлордун иштөөсүн жөнгө салышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жума күнү, 7-майда, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электр кубаты төмөнкү райондордо болбой турганы айтылды:

  • 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондо (№37 үйдө) жана Алтын-Ордо 3 конушунда;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Арча-Бешик конушунда (Кең-Кол, Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Поваринский көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Садырбаев, Курчатов, Серафимович, Серпуховский, Куба, Сельсовет, Ильменский жана Тверь көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Ак-Ордо конушунун (Курманжан датка, Алты-Бакан, Ташауз, Поваринский көчөлөрүндө);
  • 9:40тан 17:00гө чейин — Аул, Элебесов, 8-март, Хвойное жана Кожевенное көчө бөлүктөрүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Ибраимов, Шопоков көчөлөрүнүн жана Жибек жолу проспектисинин бөлүктөрүндө;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Бата конушунда (6, 7, 8-көчөлөрдө).
11
Белгилер:
оңдоо иштери, "Түндүк Электр" ишканасы, өчүрүү, электр жарыгы
Тема боюнча
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек

103
(жаңыланган 17:11 06.05.2021)
Балдары көчө чаң ызгыта ойноп, күлкүсү жаңырчу Кара-Бак айылында энелердин көз жашы төгүлүп, боздогон ыйы угулуп жатат. Кыргыз-тажик жаңжалында бул айылдан беш жигит набыт болгон. Алардын бири 33 жаштагы Турдубай Саттаров.

Ал чыр чыккан күнү кечинде көзү өтүп кеткен атасына куран окутуп, ооз ачырмак. Эртең менен базарга барып азык-түлүк алып жүргөндө тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайын "басып алган жатат" деп уккан. Бирок ал учурда акыркы суусун ичип жатканын билген эмес. Тилекке каршы, кечинде атасына куран окутуунун ордуна өзү шейит кетти.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары барганда маркумдун апасы үйүндө өзүнө келе албай жатканын айтышты. Ал эми балдары атасынын көз жумганын биле элек экен.

Маркумдун агасы (атасынын бир тууган иниси) Илияз Саттаров Турдубай суунун башында окко учканын айтат.

"Базардан алган азык-түлүгүн үйгө алып келип таштап, кайра "Головнойго" бараткан машинанын артынан өзүнүн унаасы менен кууп барып, чыгып кетиптир. Унаасын тээ май куюучу жайдын жанына калтырган экен. Булар барганда эле куралчан тажиктер атып, кырып салыптыр да. Турдубай иним токтоо, кичи пейил, адамгерчиликтүү, бүт эл-журтка, туугандарга күйүмдүү эле. Ушуга чейин бир жерде бейчеки басканын көргөн жокмун", — деди Саттаров.

Турдубай Саттаровдун артында жубайы Кайры Абдирашит кызы чиедей бир уул, үч кызы менен калды.

"Эми эл катарына кошулуп Москвада кыйналып, аялы менен иштеп заңгыратып үй салды эле. Быйыл толук бүтүрүп күздө той кылам деп жаткан. Келиним эми ал үйдө кантип жашайт, балдары жаш болсо. Чоң уулу 3-класста окуйт, кичине кызы бир жашар. Кичүүсү үйгө машина келген сайын "ата" деп издеп жатат. Балдары билбейт азыр, "атаң Россияга кетти" деп койгонбуз", — деди маркумдун бир тууган эжеси Салтанат Саттарова.

Турдубай Саттаров жалгыз инисин 10 күн мурун Россияга иштеп келгени жөнөткөн. Суук кабарды угары менен ал айылына кайтып келди.

"Головной" суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгиндерин сугарышат.

Белгилей кетсек, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Тажик тарап элге карата курал колдонуп, миномёт менен жардырган. Жаңы чыккан жагдайларда ылайык, бир чуңкурга жашынган 12 адамга миномёт снарядынын чачырандысы тийип жан берген. Ал жерге тез жардам унаасы да өтө алган эмес.

103
Белгилер:
бала, жубайлар, маркум, Баткен облусу, Кара-Бак
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү