Телефон колдонуп жаткан апалар. Архив

Жаштардан калбай... "Санарип 50+" долбоору улуу муунду окууга чакырат

Пенсия курагындагылар электрондук капчык аркылуу эсеп-кысапты жүргүзүү үчүн мобилдик телефонду пайдаланууну үйрөнө алышат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Санарип 50+" долбоору улуу курактагы кыргызстандыктар үчүн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча акысыз окутууларды баштады. Аны "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду өткөрүп жатат.

"Санарип 50+" долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулунун айтымында, окутуу үч күнгө созулуп, кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

Максаты — жашы улуу муунду смартфон менен иштөөгө, интернеттин дүйнөлүк торчосун өздөштүрүүнү, социалдык торчодогу жана мессенжердеги баарлашууну, электрондук капчык аркылуу эсеп-кысапты жүргүзүү үчүн мобилдик телефонду, күн сайын алмашкыс мобилдик тиркемелерди пайдаланууну үйрөтүү.

"Биз каалоосу бар адамдарды тайпа-тайпага бөлүп 2,5-3 сааттан окутабыз. Аларга атайын тажрыйбасы бар ыктыярчылар маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдаланууну үйрөтөт", — деди Данияр Сүйүндүк уулу.

Координатор окутуу курстарына жазылууну каалагандар 0555151851 телефон номерине чалып, жазылса болорун билдирди.

Аталган долбоор 2018-жылдан бери маал-маалы менен өткөрүлүп келет жана сайттагы маалыматка караганда, буга чейин 2000ге чукул адам аталган окуудан өткөн.

Белгилер:
окутуу, улгайган адам, "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Токмокто Ислам академиясы ачылат. Жапаров БАЭ фондунун жетекчилерин кабыл алды
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам