БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 106 адамдан табылып, 68 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бир сутка ичинде Ош, Талас жана Нарын облустарында илдет илештирген учур катталган эмес. Оору аныкталгандардын жалпы саны өлкөдө 87 758ге жетти.
Кечээтен бери Бишкекте коронавирус эки адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 1 494 бейтап акка моюн сунду.
Айыккандар:
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 84 407 бейтап дартты жеңген. Азыркы тапта 508 бейтап ооруканаларда дарыланууда.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып, ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинова өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктыра турган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Ал бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.