400 үй көчүрүлбөйт. Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ак-Ордо коңуштагы үйлөр. Архив
Бишкектеги Ак-Ордо коңуштагы үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Нааразылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн өкүлү жолугуп, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 400 үй көчүрүлбөй турганын айтты.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жер маселеси боюнча чыккан митингчилер менен Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев жолугушту.
Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.
Аликеев өз сөзүндө 400 үй башка жакка көчүлбөй тургандыгын айтты.
"Биз ЖЭБ башчысын жолугушууга чакырдык. Бул жерге келгениңиздерге рахмат. Жер маселеси боюнча сот болгон. Эмне кылуу керектигин чечебиз. Жер трансформациясы кыска убакытта бүтүп калбайт, 400 үй эч жакка көчүрүлбөйт", — деди Аликеев.
Эски аянттагы митингчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Эски аянттагы митингчилер аткаминердин тамекисин өчүртүштү. Видео
Топтолгондор жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлүнүн сөзүн улам бөлүп жатышты. Кээ бири чиновник бул маселени чече албастыгын айтып, президент Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышты.
ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0