Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында күн сууктайт

© AFP / NICHOLAS KAMM Аял кол чатыр менен. Архив
Аял кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында 26-30-март күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-30-мартта тоо этектеринде жаан карга айланат.
26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ала-Тоо аянтында кыз отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Суук болобу? Апрель айына карата аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
29-30-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2 градустан …+3 градуска чейин, күндүз 1…6 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1 градустан …+4кө чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9га чейин суук болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0