Президент Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаровго COVID-19га каршы эмделүүнүн кажети жок. Министр себебин айтты

(жаңыланган 16:52 25.03.2021)
Дүйшөмбү күнү өлкөдө вакцинациянын биринчи этабы башталат. Алгач Бишкек жана Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттиги менен сүйлөшүп жатып билдирди.

Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.

"Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам", — деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, 29-март күнү өлкө боюнча эмдөөнүн биринчи этабы башталат

Белгилер:
вакцинация, эмдөө, коронавирус, Садыр Жапаров
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2672)
Тема боюнча
Министрлик: Кытай вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок
COVID-19га каршы эмдөө жүрчү жерлер. Министрлик даректерин айтты
Бишкекте COVID жуктургандардын саны өсүп, санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Чыгыш таттуулары. Архив

Кайсы тамак-аш адамды өлүмгө эрте кептеши ыктымал? Окумуштуулардын ою

Илимпоздор Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул дарт туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.

Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.

Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.

"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.

Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.

Белгилер:
анализ, туура тамактануу, салмак, оору, кан тамыр, жүрөк
Тема боюнча
Семиртпейт. Кеңседе отуруп иштегендер үчүн пайдалуу тамактар айтылды
Көк бөрү мелдеши. Архив

Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт

2-май күнү чүчү кулак тартылып, оюндар 3-майда башталат. Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/

2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.

"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

Белгилер:
Талас облусу, мелдеш, Көк бөрү, Улуу Жеңиш
Тема боюнча
1-май күнү Кыргызстанда эл аралык "Альпиниада – 2021" мелдеши өтөт