БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделет. Бул тууралуу маалыматты министр өзү тастыктады.
Эскерте кетсек, республикада вакцинация 29-мартта башталып, алгач Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул үчүн Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.
"Дүйшөмбү күнү саат 09.00дө вакцина сайдырам. Коронавирус менен ооруган эмесмин, антитело жок", — деди министр.
Вакцинациянын биринчи этабында кызыл зонада жана бейтапканаларда иштеген медиктер, тез жардам дарыгерлери, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эмделмекчи.
Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте 20 жаштагы кыз уурдалганын айтып классташын тамашага салган. Кийин аны милиция аман-эсен, бирок кызуу болуп жүргөн жеринен тапты. Мындай билдирүүнү шаардагы Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы таратты.
19-апрель күнү саат 02:45те милицияга билдирүү түшкөн. Анда Үч-Терек көчөсүнөн 20 жаштагы кызды белгисиз эркек күчтөп Honda Accord автоунаасына салып, Кара-Балта тарапка алып кеткени айтылган.
Милиция бул маалыматты кыздын классташы Э.К. аттуу жарандан алган. Анын айтымында, саат 22:40тан 00:30га чейин классташ кыздар-балдар Үч-Терек көчөсүндөгү балдар аянтчасында отуруп спирт ичимдиктерин ичишкен.Андан соң кыз А. С. жана А. И. аттуу классташ кыздар менен таксиге отуруп кеткен. Маалыматка караганда, курбулары Ак-Өргө конушундагы үйүнө жеткенде түшүп калып, кыз андан ары Кара-Балтага кеткен.
"Арадан 40-50 мүнөт өткөн соң кыз Э.К. аттуу классташына телефон чалып, канжалап талаада жатканын айткан. Андан соң байланышка чыкпай койгон", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Аталган факт КР Жазык кодексинин 170-беренесине ("Адам уурдоо") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Кийин кыз Бишкек шаарында Т.Э. аттуу 25 жаштагы досу менен жүргөн жеринен табылды. Сотко чейинки алдын ала өндүрүш учурунда кыз мас абалында мени уурдап кетишти деп калп айтканы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Соттук өндүрүш уланууда.
УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.