БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы эмдөөнү алгач өкмөт башчыдан, министрден жана депутаттардан баштоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Ал Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин калкты эмдөө жумушу боюнча парламенттин алдында маалымат берүүгө чакырды.
"Эмделгендердин айрымдарынын ден соолугу начарлап, андан өлгөндөр болуп жатканын интернеттен окуп жатабыз. Ошол себептен министрлик алгач парламентке келип вакцина тууралуу маалымат берсин. Мисалы, ал кайдан келет, текшерилгенби? Ошондой эле анын баасын да айтышы зарыл. Эмдөөнү элден биринчи министрлик, премьер-министр, депутаттар баштап бергени оң. Ошого чейин Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрсүн", — деди Икрамов.
Депутат эмдөө башталганда мамлекеттик кызматкерлерди "ким албаса, жумушка келбейт" деген кыйноо боло турганын кошумчалаган.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда эмдөө 29-мартта баштала турганын билдирген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.
"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.