БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы буга чейин убадалаган 100 автобусту ала албай калды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Жыйында депутат Мирлан Бакиров мэриянын газ же электр энергиясы менен жүргөн автобустарды алуу планы кайсы стадияда экенин сурады.
"Былтыр өткөн тендер боюнча каражаттын жоктугунан улам ала албай калдык. Азыр кошумча каражат издеп, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен сүйлөшүп жатабыз. Быйыл жыл соңуна чейин алып калабыз деген ойдобуз", — деди вице-мэр.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айында тендер өтүп, аны кытайлык Zhengzhou Yutong Bus компаниясы утуп алган. Ишкана 657 миллион 977 миң сомго 100 автобус алып келип берери күтүлгөн.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинов өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.
Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.
"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.
Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.