БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл жергесинде +11…+16, Нарын өрөөнүндө +10...+15 грудусту көрсөтөт.Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +14…+16, Ош шаарында +17…+19 градус болору болжолдонду.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков жарандарды шайлоого келүүгө милдеттендирип, келбесе чара колдонууну сунуштады.
Ал соңку ирет шайлоолорго өтө көп каражат жумшалып, бирок ага шайлоочулардын 30-40 пайызы гана катышып жатканына нааразы болду.
"Шайлоону милдет жана укук деп экиге бөлсөк. Шайлоого келүү — милдет, ал эми киргенден кийин тандоо жасоо өз укугу болушу керек. Кимди шайлайт же баарына каршы добуш береби, өзү билсин. Ушунча акчаны ысырап кылып, коррупцияга да жол берип жатабыз. Элди шайлоого алып келүү үчүн акча берип, атайын унаа менен ташып жатышат. Шайлоого атайын мыйзам киргизбесек болбойт. Бул ар бир кыргыз жаранынын милдети болушу керек, келбегендерге атайын бир административдик чара колдонолу", — деди Садиков.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого жана референдумга жалпы шайлоочулардын 39 пайызы катышкан. Ал эми 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга келгендердин саны 37 пайыздын тегерегинде болгон.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы имаратты басып алуу үчүн аялдар эртең мененки саат 5.00дөр чамасында келгенин айтты. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
"Саат беште кароолчу эшиктин алдын тазалап жатканда имараттын жанына ондой аял келген экен. Ал эч жакка кеткен эмес, аялдар өздөрү кирип келген. Азыр кароолчу түшүнүк кат жазып жатат. Аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкөлөр болгон, ошондой эле газ баллондорду дагы ала келишиптир. Алар кредиттерди жоюп салууну талап кылууда. Бирок бул биздин компетенциябыздагы маселе эмес", — деди айыл өкмөт башчысы.
Эске салсак, Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюшкан. Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги барып, жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.