Курулуп жаткан мектептеги класс. Архив

Ак-Ордо жаңы конушуна 196 млн. сомго мектеп салынышы күтүлүүдө

(жаңыланган 00:11 26.03.2021)
Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштуруп, долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушуна сметалык наркы 195 миллион 959 сомго бааланган жаңы мектеп курулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Курулуш иштери. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Учурда билим берүү мекемесин салууга тендер жарыяланган. Тагай-Бий — Садыр аке көчөлөрүндө жайгаша турган мектеп үч кабаттуу болуп, 750 орунга ылайыкташмакчы.

Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштуруп, долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.

Белгилер:
тендер, курулуш, мектеп, Ак-Ордо, Бишкек
Тема боюнча
Лейлекте 28 млн. сомдук оорукананын курулушуна капсула салынды. Сүрөттөр
РФ президенти Владимир Путин. Архив

Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

(жаңыланган 16:28 14.04.2021)
Россия башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алып, өзүн жакшы сезип, дароо ишке чыккан. Администрациясы президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алган. Анда администрациясы президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.

Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.

Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат
Замначальника отдела Государственной судебно-экспертной службы КР Жийдегуль Семенова на радио Sputnik Кыргызстан

Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын Диндик экспертиза башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семёнова сөз менен кылмыш жасоо үч топко бөлүнөрүн айтты.
Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.

"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.

Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.

Белгилер:
Жийдегуль Семенова, талдоо, укук, мыйзам, кеп
Тема боюнча
Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз