БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жаңы бышырылган нанды өзгөчө ичеги-карын оорусу бар адамдар этияттык менен жеши керектигин врач-терапевт, диетолог, нутрициолог Мария Черняева Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берди.
Жыты аңкып жаңы бышырылган нан эски нандан ашыкча кычкылдуулугу менен айырмаланып турат. Мындай азыкты колдонуу ичеги-карын ооруларынын өрчүшүнө алып келиши мүмкүн.
Убакыттын өтүшү менен нандын курамындагы кычкылдуулук азаят. Ошондуктан бышырылган нанды дароо эмес коё туруп жесе ден соолукка зыяны азыраак болот.
"Гастрит, ашказан жарасы менен жабыркаган адамдар оорусун күчөтүп албашы үчүн сегиз саат же бир сутка турган нанды жегени оң", — деди дарыгер.Кечээ бышырылган нан жумшак, жаңы бышырылган нанга караганда алда канча пайдалуу.
Ошондой эле дарыгер жаңы бышырылган нанга болгон муктаждык биздин даам сезүүбүздөн көз каранды экендигин айткан. Муну дүкөндөр колдонуп, нанды көбүрөөк адам сатып алышы үчүн анын жытын чыгарып бышырарын белгилеген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле Фрунзедеги цирктеги чабандестердин ишине аралаша баштап, кийин Москвадагы Кинематография институтунда окуп, 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасында кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Тажрыйба топтогон соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Россия, АКШ, Индиянын фильмдерине актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 29 жашында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктиктен ат менен секирип, дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.
Ошондой эле кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеп, чет элдик киночулар жана киностудиялар менен тыгыз иштешкен. КРде түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, бир топ жаштарды тарбиялаган.
Тайманбаган таланттуу инсан чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болуп шайланып, дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык кинокартинанын жаралуусуна көмөктөшкөн.
Жеке жашоосунда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болгон. Ал эми экинчи турмушунда өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп, эки уулду тарбиялаган.
Үсөн Кудайбергеновду 2005-жылдагы март окуяларынан кийин белгисиз адамдар өз үйүндө атып өлтүрүп кетишкен. Анда каскадер 55 жаштын чайын ичип аткан.
Кыргыз каскадерлук өнөрүнүн башында турган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды бул жактан окуса болот.
Үсөн Кудайбергенов жаштайынан эле каскадерлук өнөргө кызыгып, кесибинде бир топ жаракаттарды алган
"Чыңгыз хан" тасмасын тартуу маалында чабандестер менен
Ат жалында ойногон каскадер жүздөгөн фильмде тартылган
Дүйнөлүк деңгээлде таанылган актер өзү салган мейманкананын алдында эс алып отурат
Кудайбергенов ак калпакчан кара кашка ат менен тоодон түшүп келе жаткан учуру
Кезектеги тасмада элди башкарган Кудайбергенов. Казакстан, Кордай облусу
Панкратион федерациясынын президенти борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүнү сыйлоодо
Каскадер 2005-жылдын мартындагы башаламандыкты токтотуу үчүн элдик кошуун түзүп, бир топ мыйзамсыз аракеттерди токтотуп калган
Кудайбергенов көптөгөн чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыз каскадерлорунун башында турган
Солдон оңду көздөй: Үсөн Кудайбергенов, казакстандык белгилүү актер Асаналы Ашымов, түркмөнстандык режиссер Жоджакули Нарлиев келинчеги Мая Аймедова менен
Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү актер 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан