Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Мэрия: Бишкекте COVID 15-марттан тарта күч алды

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация в Бишкеке из-за распространения коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Жыл башынан бери борбор калаада 2 940 киши вирус жугузуп алды. Анын ичинен 1 737 учур ПЦР-тест аркылуу тастыкталган.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында 15-марттан баштап коронавирус жугузгандардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда маалымат жыйын өтүүдө.
Рыскулбекованын айтымында, вирус жуктургандардын саны күн сайын аз-аздан көбөйүп бара жатат.
"Жыл башынан бери борбор калаада 2 940 киши вирус жугузуп алды. Алардын ичинен 1 737 учур ПЦР-тест аркылуу тастыкталган. Ооруп калгандардын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 58 пайызын 30-64 жаштын ортосундагылар түзөт", — деди адис.
Мындан тышкары, ооруп жаткандардын 21 пайызы 65 жаштан жогорулар, 2,5 пайызы 14 жашка чейинки балдар экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0