Курулуш компаниялары менен маморгандардын тиреши. 42 объект эмнеге токтоп турат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТурак жай имараттарын куруулушу. Архив
Турак жай имараттарын куруулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Өткөн жумада премьер-министр Улукбек Марипов шаардык мэрия, мамлекеттик органдар жана жеке курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрүп, аталган тармактагы орчундуу маселелерди талкуулаган.
Өкмөт башчы бир катар жетекчилерге эскертүү берип, айрымдарына сөгүш жарыялап, узак убакыттан берки көйгөйлөрдү чечүү жолдорун бир айдын ичинде сунуштоону талап кылды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик курулуш тармагындагы маселелердин күнгөй-тескейине кызыгып көрдү.
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында 19-мартта болгон жыйынга курулушчулар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери катышкан. Чогулушта Бишкектеги курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров шаарда курулуш жүргүзүүдө үч чоң көйгөй бар экендигин билдирген.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБишкектеги курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров
Глава компании Нур Строй Монтаж Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкектеги курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров
"Бишкекте курулушка тоскоол болгон үч эле маселе бар. Алар: курулушту кармаган архитектура маселеси, мэриянын комиссиясы, Мамлекеттик курулуш агенттигинин экспертизасы. Бул үч көйгөй Бишкекте эле бар. Башка аймактарда жок. Эгер ушул үчөөнү чечип берсеңер, бизнес-курулуш гүлдөп өнүкмөк. Майда объектилерди салууда шаардык кеңешти, инженердик-техникалык шарт (ИТУ) дегендерди алып салганыбыз туура. Бизнеске, экономикага, курулушчуларга туура мамиле кылгыла. Биз мамлекетке миллиондогон салык төлөп жатабыз. Аткаминерлер үстүнөн карабай өнөктөш болсун. Дароо эле иш козгоп салбай, ага чейин туура эмес кылып жатасыңар деп кеңешин берип, кандай кылса туура болорун айтсын. Азыр курулуш компания жетекчилеринин бир тобуна иш козголгон. Алар эч кайда качпайт, айып пулун бюджетке төлөйт. Болгону мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштеш керек", — деген Абдыкадыров.
Ал эми башка курулушчулар дагы маморгандардын текшерүүлөрү ишке тоскоолдук жаратып жатканын, прокуратура кызматкерлери 40тан ашык курулушту негизсиз токтотконун жашырган эмес.
Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Медеркулов ал объектилерди ишкерлер тиешелүү кагазы жок өзү билемдик менен баштагандыгын айтып берди.
Здание на пересечении улиц Горького и Абая - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Бишкектиктерди таң калтырган имараттын чыныгы сүрөтү жарыяланды
"Бишкекте өзү билемдик менен курулуш баштаган 42 объектинин иши токтотулган, басымдуу бөлүгү капиталдык курулуштар. Ал куруучулар мамлекеттик органдардан тиешелүү уруксат кагазын алган эмес. Биз аларды негизсиз токтоткон жокпуз. Прокуратурага шаар тургундары, түрдүү коомдук уюмдар арыз менен кайрылат, анын негизинде текшерүүчү органдарга кат жөнөтүп, объектилерди карагыла деп тапшырма беребиз. Прокуратура кызматкерлери үй салганда унаа токтотуучу, балдар ойноочу аянттарды эске алгыла деп кеп-кеңеш берет. Себеби ошонун айынан жолдор тар болуп, балдардын коопсуздугу каралбай калууда. Айрым компаниялардын буга чейин алган документтерин жокко чыгарган учурлар анча деле көп эмес, бир жылда эң көп дегенде беш объектиники. Мисалы, парктын аймагына салынып кетсе, өрт өчүрүүчү унаалар короого кире албай калса гана ушундай чара көрүлөт", — деди Медеркулов.
Ошондой эле ал борбор калаанын аймагындагы курулуштарга уруксат кагаздарын берген Архитектура, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлерине карата Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча алты материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын кошумчалады.
ЖИА бизнес-ассоциациянын курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Айнура Джумагазиева прокуратуранын негизсиз текшерүүлөрүнөн улам "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тиешелүү уруксат кагаздарды өз убагында бербей жатканын билдирди.
"Укук коргоо органдары ишкерликтин субъектилерин эмес, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатация башкармалыгын текшерип баштайт, аны менен биз да кыйыр түрдө текшерилип жатабыз. Мунун аркасында көпчүлүк курулуш компаниялар керектүү документтерин өз убагында ала албай жатат. Себеби жетекчилер коркуп, мыйзамдын чегиндеги кагаздарды да бере албай отурушат. Ошол эле маалда байма-бай текшерүүлөрдөн улам мурун берилген документтер кайра артка кайтарылууда. Азыр 40тай курулуш токтоп турат, куруучулардын көпчүлүгү ишти улантайын дейт, бирок негизсиз текшерүүдөн коркуп калышкан. Ишкерлер курулушту өз убактысында бүтпөй чыгымга учурап, кардарлар келишимдин негизинде алчу турак жайларын өз убагында ала албай калууда. Ошондуктан ата мекендик компаниялар өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн башка өлкөлөрдөгү шарттарды караштырууга мажбур", — деди Джумагазиева.
Ишкер, андан сырткары, курулушту баштоого керек болгон кагаздарды алууга жылдап убакыт кете тургандыгын кошумчалады.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев (оң жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Бишкекти эмнеге айлантып салдыңар? ӨКМ башчысы "элитный" үй кургандарга бир тийди
"Бизде бир мамлекеттик орган документ берүүнү создуктурса, дагы бир мекеме тынымсыз текшерүүлөрү менен келет. Азыр документ чогултууга эле бир нече жыл убакыт кетет. Ушул учурда биздин иштешибиз кыйын болуп жатат. Менимче, мунун баары өлкөбүздүн экономикасына сөзсүз терс таасир тийгизүүдө", — деп кошумчалады Джумагазиева.
Борбор калаадагы курулуштарга уруксат берүү милдети Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Бишкек мэриясынын алдындагы "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына жүктөлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери ал муниципалдык ишкана 118 курулуштун долбоорун карап экспертизага жөнөткөн. Анын бешөө гана көп кабаттуу үй болсо, калгандары жеке турак жайлар. Аталган мекеменин "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнүн адиси Афира Кабылова тиешелүү кагаздарды бир айда бүтүрүп берип келгендигин айтат.
"Эгер жаран көп кабаттуу үй сала турган болсо, жердин кызыл китеби, сатып алуу келишими, эскиздик долбоору менен бизге арыз жазат. Аны негизинде биз 20 иш күндүн ичинде архитектуралык пландоо, инженердик-техникалык шарттарын түзүп беребиз. Анан 10 иш күндө долбоор макулдашылып Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине экпертизага жөнөтүлөт. Ошентип жалпы бир айда биздин мекеме бере турган кагаздарды бүтүрөт. Көбүнчө куруучулар өздөрү инженердик-техникалык шарттарын караштырууда кармалып калышат. Мындайча айтканда, электр энергия, газ, сууну объектиге тартып келүү жолдорун карап техникалык шарттарын ылайыктайт. Ошол маселелерди чечүүгө эле эки-үч ай кетип калат. Биз ишибизди өз убагында эле бүтүрөбүз", — деп жооп узатты ал.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, азыркы маалда республика боюнча курулуш иштерине тиешелүү кызмат көрсөткөн 6000ден ашык компания бар, басымдуу бөлүгү өз ишмердүүлүгүн борбор калаада жүргүзүп келет.
Калаадагы курулуш объектилеринин ишин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаарынын аймактар аралык башкармалыгы көзөмөлдөп келет. Анын башчысы Талантбек Иманакун уулунун пикиринде, бир дагы кызматкердин курулуштарды негизсиз текшерүүгө укугу жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Талантбек Иманакун уулу
Пресс-конференция представителей мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Талантбек Иманакун уулу
"Ооба, мыйзамсыз курулган 40тан ашык объект боюнча жеке компаниялар менен соттошуп жатабыз. Күнөөсү такталып, соттук чечим чыкса куруучулар административдик жазага тартылат. Мыйзам боюнча куруучулар Архитектурадан макулдашылган кагазды бизге алып келип катталып, анан курулуш иштерин башташ керек. Бирок компаниялардын көпчүлүгү антпей туруп эле ишке киришүүдө. Биз көзөмөлдөөчү органбыз, текшерүүнү Экономика министрлигинен уруксат алып гана баштайбыз. Ишкерлердин бизди тажатып жатат дегени туура эмес. Кээде тургундар арыз жазат. Биз деле курулуштун мыйзамсыз экенин көзүбүз менен көрүп турсак дагы министрликтин кагазын күтөбүз. Кээде ал биздин колго тийгенче эле курулуштар бүтүп калууда, ал боюнча өкмөткө сунуш берип жатабыз", — деди ал.
Былтыр Кыргызстандын курулуш тармагына 46 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, куруучулар 900 миң чарчы метрден ашык аянттагы турак жайды пайдаланууга берген.
Ал эми Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы Кыргызстандагы жасалган курулуш иштери 27,6 пайызга, пайдаланууга берилген турак жайдын көлөмү 34,5 пайызга төмөндөгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0