Бишкектин көчөсүндө маска кийген кыз. Архив

Бишкекте белгисиз вирус тарап жатабы? Санэпидемкөзөмөл борборунун жообу

(жаңыланган 17:42 26.03.2021)
Буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкек саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова Бишкекте белгисиз вирус тарап жатат деген маалымат боюнча жооп беришти.

Адистер Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан маалымат жыйынына катышкан.

Буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.

"Тааныштарымдын көбү ооруп, дене табы 39 градуска чейин жетип жатканын айтышууда. Ошондой эле тамактары ооруп, жөтөлүп, денеси оорлошуп жатканын кошумчалашты. Белгилери коронавирустукуна окшош, бирок алар жайында андан айыгышкан. ПЦР-тесттери да терс чыгууда. Бул коронавирустун жаңы штаммыбы же жыл сайын кайталанган курч респиратордук инфекциябы?" — деп жазган Исмаилов.

Рыскулбекованын айтымында, октябрдан мартка чейин Бишкекте курч респиратордук вирустук оору адаттан тыш көп катталган эмес.

"Мониторинг жүргүзүлүп, пробалар алынып, Санэпидемкөзөмөл борборуна жеткирилүүдө. Быйыл да былтыркыдай сасык тумоо аныкталган жок. Коронавирус жана башка аденовирус, риновирус жана респиратордук-синциталдык вирус деген респиратордук инфекциялар аныкталды", — деди адис.

Журналист сасык тумоолоп калгандардын айрымдары коронавирус деп ойлоп жатканын айтып, оору оор өтүп жатканын белгилеген. Ал адистерден бул сасык тумоонун мутацияланган түрү эмеспи деп сураган.

"Сасык тумоо учурлары катталган жок. Бул вирустук инфекция. Эгер адамдар бул коронавирус деп ойлосо же оору оор өтүп жатса, анда call борбордун 118 номерине чалса, атайын бригада келет", — деди Исмаилова.

Буга чейин конференцияда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары 15-марттан тарта Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап, оору аныкталгандардын саны өсө баштаганын айткан.

Белгилер:
адис, сасык тумоо, вирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2672)
Тема боюнча
Бишкекте коронавирус күчөп жатат, локдаун киргизилеби? Мэриянын жообу
Мэрия: Бишкекте COVID 15-марттан тарта күч алды
Чыгыш таттуулары. Архив

Кайсы тамак-аш адамды өлүмгө эрте кептеши ыктымал? Окумуштуулардын ою

Илимпоздор Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул дарт туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.

Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.

Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.

"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.

Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.

Белгилер:
анализ, туура тамактануу, салмак, оору, кан тамыр, жүрөк
Тема боюнча
Семиртпейт. Кеңседе отуруп иштегендер үчүн пайдалуу тамактар айтылды
Көк бөрү мелдеши. Архив

Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт

2-май күнү чүчү кулак тартылып, оюндар 3-майда башталат. Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/

2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.

"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

Белгилер:
Талас облусу, мелдеш, Көк бөрү, Улуу Жеңиш
Тема боюнча
1-май күнү Кыргызстанда эл аралык "Альпиниада – 2021" мелдеши өтөт