COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке кандай чектөөлөр киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековВременные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Мэриянын өкүлү борбор калаада коронавирус боюнча абал курчуй турган болсо көрүлчү чараларды айтып берди.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетсе бийлик базарлар менен супермаркеттердин иш күнүн кыскартат. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСанэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова
Брифинг о текущей эпидситуации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова
Ал мындай суроого Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн жыйында жооп берген.
"Эгер абал курчуй турган болсо, биринчи кезекте өнөр жай жана азык-түлүк базарлары, ошондой эле супермаркеттердин иш күнү кыскартылат. Мындан тышкары, адамдар ортосундагы байланышты азайтып, оорунун жайылышын алдын алабыз. Бул жерде кеп жумушту токтотуп салуу тууралуу эмес, иш күндү кыскартуу жөнүндө болуп жатат", — деди Рыскулбекова.
Ушул эле брифингде 1-апрелде балдар кандай окуй турганы да айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0