Биринчи вице-премьер Артём Новиков

Тапшырмалар аткарылбай жатат! Новиков Саламаттык сактоо министрлигин зекиди

Биринчи вице-премьер жыйында былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алуу зарылдыгына токтолгон.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков Саламаттык сактоо министрлигине Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатканына нааразы болду.

Бүгүн Новиков өкмөттө жыйын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрликке бир катар тапшырмаларды берген.

"Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Министрлик мындай ишти үзгүлтүккө учуратпай жасап турушу шарт. Бул күн сайын жасалчу иш. Штаб мындай тапшырмаларды сөзсүз айтып турушу керекпи? Көңүл кош мамиле жасабагыла. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алалы", — деди Новиков.

Биринчи вице-премьер Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин кошумчалаган.

Белгилер:
тапшырма, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков: чектөө кирбейт, бирок санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Казино мыйзамына каршы болгондор Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Сүрөттөр

Нааразычылык акциясына чыккандар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир нече киши Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы тынчтык митингине чыгышты.

Алар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат.

Катышуучулардын бири Медер Тилектеш уулунун айтымында, алар "жаңы эле митингдер тынчып, коронавирус күч алып турганда көп адамды чогулткусу келген эмес".

"Казинолорду ачык-айкын иштетүүгө жол берген мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Биз буга каршыбыз. Арам акча менен бюджетти толтурабыз деп жатышат. Эгер элин бага албаса, орундарын бошотуп, билимдүү, иштейт деген адамдарга өткөрүп беришсин", — деди ал.

Чогулгандардын арасында казинодон жабыркагандар дагы бар.

"Менин балам кумар оюндарына берилген, тапкан-ташыганынын баары ошол жакка кетет. Мен көз жашы төгүлгөн миңдеген энелердин атынан чыгып жатам. Казиного чет элдиктер гана барат деп жатышат. Бирок өзүбүздүн балдар дагы барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Балдарды дүйнөдө өнүгүп жаткан инновациялык технологияларга, жаңы кесиптерге үйрөтүүнүн ордуна маңкурт кылып казиного киргизип койгонубуз туура эмес", — деди катышуучулардын бири.

Мындан кийин тынчтык митингине чыккандар Өкмөт үйүнүн алдына берууну пландап жатат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбек жана Дастан Бекешев Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал өткөн аптада биринчи окууда каралган. https://sputnik.kg/society/20210408/1052044401/ysyk-kol-kumarkana-achuu.html

Турусбековдун айтымында, бул мыйзам долбоору Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат.

Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүү үчүн башка ыкманы колдонууга болорун айтып чыгышкан.

Балбан Акжол Махмудов Азия чемпионатында

Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи

(жаңыланган 11:36 15.04.2021)
Азия чемпионатында улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды. https://www.instagram.com/p/CNpmxEsFjY7/

Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.

Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.

Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.

Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.

Белгилер:
мелдеш, Азия чемпионаты, курама команда, Кыргызстан, грек-рим күрөшү
Тема боюнча
Качкымбаев: Кыргызстанда сумо күрөшү менен кыздар да машыгат
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео