Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Көпчүлүгү азыр дагы эл оозунан түшпөй ырдалып келет. "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап", "Биз экөөбүз" аттуу ырлары канча деген муунду өстүрдү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Рыспай Абдыкадыровдун улуу кызы Алтынчач Абдыкадырова менен атасынын чыгармачылыгы, өмүрүндөгү айрым окуялар тууралуу баарлашкан.
— Рыспай Абдыкадыров дегенде кубулжуган мукам үн, аккордеон жана керемет ырлар эске түшөт. Сиз үчүнчү?
— Атам кыргыз элине муундан-муунга ырдалуучу жакшы чыгармаларын, ырларын калтырып кетиптир. Биз убагында муну элес алган деле эмеспиз. Жашоо ошондой. Атам бала чагынан ырга шыктуу, таланттуу болгон экен. Өзү 1941-жылы туулуп, атасы алты айдан кийин согушка кетет. Чоң апам чиедей сегиз бала менен 32 жашында жесир калып, балдарын жалгыз өстүргөн. Атам бир үйдүн кичүүсү болгондуктан аябай эрке экен. Бирок окууга дилгир болуп, 4-класска чейинки айылдык мектепте жакшы окуйт. Ал мектептин эски имаратын кийин мен деле көрүп калдым. Бу киши кичинесинде эле ырдап, кошок айтып, айылдагылардын баарын кошуп чыкчу экен. Мунун башаты чоң апамда. Анткени апасы кошокчу, ырдаса үнү укмуш, ооз комуз черткен кыйын аял болгон.
Анан 4-классты бүтүп, Кара-Кулжа тарапка окууга барып, ошол жактан таланты ачылган. Мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип абабыз атама көп жардам бериптир. Ал кишилер менен тууган болуп кетебиз. Атамдын талантын байкап "кой, ушул жетим баланын таланты ачылып, жол таап кетсин" деп Кара-Кулжа районундагы Токтогул атындагы жети жылдык мектепке киргизишкен экен. Кийин аккордеондо ойносом дегенде ак эткенден так этип жүргөн атама Шарип абабыз аккордеон сатып берет.— Аккордеондо ойногонду үйрөтүп, алгач багыт берген ким болгон экен?
— Өзгөн районунун Мырзаке айылында аккордеондо абдан жакшы ойногон Мамат Оморов деген адам бар эле. Өтө таланттуу киши болчу. Кийин мен 7-класста окуп жүргөндө каза болуп калды. Атама ошол киши үйрөткөн экен. Экөө кийин иштешип да калды.
— Эрте эле үйлөнгөн экен...
— Жетимчиликтин айынан абаларыбыз атамды 19 жашында менин апама үйлөнтүп коюшуптур. Апам ал кезде 15 жаштагы жетим кыз экен. Экөө үйлөнгөндөн кийин эки жыл өтүп мен төрөлүптүрмүн.
— Бишкекте иштеп жүргөндө "эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлүп, анан албай калганда таарынып Ошко кетип калгандыгын айтышат. Мунун чындыгы барбы?
— Жок, ал кезде атам аябай эле жаш болчу. Менимче, наамды деле ойлобосо керек. Негизинен бул киши наам, сыйлыктарга кызыга берчү эмес. ОшМУда сабак берди. Анан Түгөлбай Казаков экөө Ошто аймактарды кыдырып көп концерт коюшту. Эч убакта "мага наам бербей койду, эл артисти болбой калдым" деп айтчу эмес. Себеби атам кайсы жерге барса да, аны эл сыйлап, жакшы көрөрүн көрүп, билип турчу. Казакстандан бери чыгармачыл адамдар издеп келген. Биз Ошто жүргөндө күнү-түнү конок тосчубуз.
— Эргүү келип, обондорун жаратып жаткан учурунда өзүн кандай алып жүрчү эле?
— Ал учурда өзүнчө кыялданып, көп сүйлөбөй үйгө кирип-чыгып, негизинен ойго батып калчу. Бир жакка барып келип, улам сыртка чыгып эле башка толкунда жүрө берчи. Бөлмөсүндө фортепианосу, ноталары даяр турчу. Бир кезде издегенин тапканда, фортепианосуна отуруп, көпкө дейре ойноп-ойноп, анан ноталарды кагазга шурудай тизип түшүрүп кирчү. Атам нота жагын мыкты билчү экен. Колу да сулуу болчу. Ал киши жалаң кара сыя (перо) менен жазчу. Ал кишинин башка да укмуш өнөрлөрүн билчүбүз.
— Кандай өнөрү бар эле?
— Биз жакта кымыздык, балтыркан аябай көп өсөт. Айылга барганда балтыркандын кургагын арасынан тандап алып, ар жерин бычак менен оюп-оюп туруп чоор кылып сонун күү ойнойт эле. Колдору да укмуш болчу. Кичинекей болсом да колдорунун кыймылын байкачу элем. Биздин үй айылда кырда болчу. Табиятты абдан жакшы көргөндүктөн атка минип алып, жаратылышка суктанып баарын кыдырып кетчү эле. Чыгармачыл адам болгон үчүн жан дүйнөсү буулугуп, жаратылышты эңсечү окшойт. Фотоаппараты бар эле, аны менен сүрөткө тартып, кургатып, боёгун куюп эле кошо убаралана берчүбүз. Кээде сүрөттөн тажап кетчүмүн. Үйдө сүрөт толтура болчу. Ал киши бардык музыкалык аспапта кыйын ойногон. Комузда, мандолинада да ойночу. Бирок убагында ошолорду чыгарбай калды. Аккордеондо ойноп, элдин эсинде ошол аккордеону менен калыптыр.
— Абдан бала кыял киши болгон дешет...
— Ооба, бала кыялы бар болчу. Атам телевидениеге барганды жактырчу эмес. "Ата, ырыңызды чыгарганы жатат. Барып коюңузчу, бир эле ыр ырдап койсоңуз" деп жалдырап, артынан ээрчип алчу элек. Анан акыры макул болгондо кароолчу болуп артынан кошо барчумун.
Кээде көчөдө кетип баратып эле ойноп кетчү. Биз балабыз да "чоң эле киши ушинтеби?" деп эле уялып калчубуз. Телевидениеге эптеп көндүрүп бара жатсак, жолдо баратып эле тамашалап жашынып калат. Ошентип ойной берчү. Кичинесинен жетим калып, анан эрте үйлөнүп, баягы балалык оюну канбаганбы, абдан бала кыял, ойноок адам эле. Бир жагынан абдан баласаак да болчу.
— Куудулдугу да бар эле дешет...
— Ооба, ар кандай окуяларын эстеп, азыр да күлүп калабыз. Ошто бизге базардын жанынан үч бөлмөлүү батир беришкен. Базарга апабыз суранса барбай, кыздары келерде бизди ээрчитип алып барып, каалагандарын алып берчү. Кышында баарыбызды эшикке чыгарып алып чанага сүйрөп, өзү кошо ойночу эле. Азыр ойлосом, биз чоңоюп 8-9-класс болуп калсак да конокко ээрчитип алчу экен. Көрсө, дайым балдары менен жүргөндү жактырчу окшойт. Атам айылга барса айылдагылар дасторконун жайып, коюн союп, даярданып турушчу эле. Баары эле конокко чакыра берчү. Бирок атам койдун этин деле жечү эмес. Айылда эки үй бозону жакшы салчу. Раматылык куудул, классташым Дөөлөт Мадымаев экөөбүздүн үйүбүз жанаша турган кошуна элек. Ошол кишинин апасы бозо салчу эле. Анан айылга барган сайын атам "кызым, мен Боронбайга куран окутуп келейин" деп койчу. Мен түшүнбөй "бул Боронбой деген киши кечке эле каза боло береби?" деп койчумун. Көрсө ал "бозо ичип келейин" деген сөзү экен (күлүп). Кийин түшүндүм.
— Ата катары, талант катары айтып өттүк. Эми үй-бүлөдө жубайына кандай жолдош болду?
— Атаңыз чыгармачылык чөйрөдө кыргызга аты чыккан улуу инсандардан кимиси менен жакын эле?
— Ошол кезде Кудайберген Темиров деген обончу бар эле. Ал киши менен да иштешти. Кийин Токон Эшпаев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков менен жакшы эле. Негизинен чыгармачыл адамдардын баары менен эле мамилеси жакшы болчу, баары сыйлап турар эле. Обон жаратышса да келип кеп-кеңеш сурап турушчу. Ал эми өстүргөн шакирти Ибрагим Жунусов болду. Ал кишинин ошол кездеги ырларын көзөмөлдөп турчу. Ошто атамдан таалим алган студенттери көп. Нарында да шакирттери бар экен. Алар Нарын драма театрында баягы жылы дүңгүрөтө концерт беришкен. Атам өзү ыр жазганы менен Биримкул Алыбаев, Омор Султанов өңдүү акындар менен көп иштешти. "Ыр жазганым менен акын эмесмин. Ошондуктан акындар менен иштешишим керек" деп айтчу. Баарынын номерин тизмелеп алып, "мен мындай музыка жазып жатам" деп улам чалышып, тыгыз иштешти. Анан журналисттерден кийинчерээк Бөкөнбай Боркеев менен санаалаш дос, сырдаш болушту. Атам тууралуу жети томдук китеп чыгарган. Ошто атамдын атындагы фонд бар. Негизи атамдын 300гө жакын обондору бар болгону менен анын 20га жакыны эле ырдалып жүрөт.
— Уулунун жоктугуна өкүнгөн жокпу?
— "Менде жалаң кыздар" деп койчу эле. Бирок уулу жок экенине өкүнүп, биздин көзүбүзчө арман кылчу эмес. "Карыганда кыздарым багат. Мен биринчи сенин үйүңө барам, анан сен тажап жаман көрө баштаганда Гүлзаттын үйүнө кетип калам. Кайра айланып келгиче мени сагынып каласыңар. Ушинтип жанымды багым жүрө берем", — деп тамашалап калчу. Атамдын жалгыз эле эжеси болгон. Ал кишинин жети эркек баласы бар. Баары атамды "тага ата" дешип аябай жакшы көрүшчү.
Башка оорулары деле бар болчу, бирок каза болгондо эки бөйрөгү иштебей калган дешти. Бөйрөгү ооруганын деле айтчу эмес.
Бишкекке 1993-жылы акыркы жолу келип концерт койду. Кийинки жылы эле каза болуп калды. Атамдын каза болгонун да телевизордон уктум.
— Кандайча?
— Ал убакта балдарым кичине болчу. Мага атамдын каза болгону тууралуу кабар келе электе телевизордон диктор Бактыбек Мамытов "ушундай кишиден айрылдык" деп эле атамдын каза болгонун айтты. Мен ишенер-ишенбесимди билбей эле нес болуп калгам.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.
Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.
"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.
Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/
2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.
"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.