ЖК депутаты расалык кастыкты козутуу боюнча жазаны жеңилдетүүнү сунуштады

© Photo / Pexels / Sora ShimazakiСудебные решения
Судебные решения - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
Кеп "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси тууралуу болууда.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев КР Жазык кодексинин 313-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылган.
Кеп "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси тууралуу болууда. Азыр бул беренеде жазылган кылмыш үчүн 3-категория боюнча адам (жашы жете электер — 2,5-4 жылга чейин, андан жогорку курактагылар — 5 жылдан 7,5 жылга чейин) эркинен ажыратылат.
"Мында санкцияны жайылткан маалыматтардын мазмуну, жасалган окуянын контексти, даражасы, тараптардын пикирлери жана маалыматтарды жайылтууга байланыштуу терс кесепеттер көз карандысыз колдонулат. Жаза аныктоодо кандайдыр бир жеӊилдетүүчү жагдайлар мыйзам менен каралган эмес. Ошол себептен Жоруктар жөнүндө кодексти тиешелүү берене менен толуктоо, Жазык кодексиндеги беренеге толуктоо киргизүү кажет", — деп жазылат долбоордо.
Анын айтымында, укук коргоо органдары жана соттор талаш-тартыш жараткан пикирлердин мазмунун кароо менен ишти татаалдаштырууда.
"Бул категория боюнча лингвист-эксперттер соттун ордуна укуктук баа берүү ишине тартылган учурлар болду. Соттор айтылган сөзгө карата субъектинин катыштыгы аныкталбаган учурда да жазалоо өкүмүн чыгарган мисалдар бар", — деген Бекешев.
Бекешев төмөнкүлөрдү сунуштаган:
Референдум по проекту новой Конституции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп: референдумдан соң бизди эмне күтөт?
Эгерде аталган иш-аракет биринчи жолу жасалган болсо, ушул мыйзам долбоору менен II категориядагы айып пул салуу менен жазалоо (3-6 миң сом);
Эгер ал иш кайталанса, эркинен үчүнчү эмес, экинчи категория боюнча ажыратуу сунушталган. Анда жашы жете электер 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин, андан жогору жаштагылар 2,5 жылдан 5 жылга чейин кесилмекчи.
Аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жасалган жоруктар үчүн жазаны жеӊилдетүүгө мүмкүнчүлүк берери айтылып, бирок кайталап бузууда жаран мыйзам чегинде катуу жооп бере турганы эскертилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0