Бишкектеги 47 көчөнүн кесилиштеринде жарык өчүрүлөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЛампочка. Иллюстративдик сүрөт
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери үйлөрдөгү тармактар менен трансформаторлорду оңдоп-түзөшөт.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Эртең, 29-мартта, Бишкектин айрым райондорунда жарыкты өчүрүү пландалууда. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында маалымдалды.
Бул күнү бардык бригадалар үйлөрдөгү тармактар менен трансформаторлорду оңдоп-түзөп, электр чубалгыларына жолтоо болгон бутактарды кесип жана башка жумуштарды аткарышат.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 8:00дөн 17:00гө чейин —Байтик баатыр, Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Термечиков көчөсүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Жибек Жолу проспектиндеги №328 үйдө;
  • 9:30дан 13:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Көк-Жар, Куйручук, Шоокум, Шабдан баатыр көчөлөрү);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Кулатов, Элебаев, Лев Толстой көчөлөрүндө жана 9-кичирайондогу №36а үйүндө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспекти, Шота Руставели, Славянский, Жунусалиев, Үчүнчү линия, Жаңы, Юдахин, Ломоносов, Маликов, Совхозный, Алыбаев, Захарьев, Гагарин, Термечиков, Репин, Хоперская, Дагестанская, Айни, Табалдиев, Жаманбаев, Ленская, Фучик жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинтеринде;
  • 9:50дөн 18:00гө чейин — Жибек Жолу проспекти, Целиноградская жана Садовая көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 10:00дөн 16:00гө чейин — Бакай-Ата жаңы конушунда;
  • 10:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик жаңы конушунда (Эр Тайлак, Ак-Тан көчөлөрү);
  • 12:30дан 15:30га чейин — Ахунбаев көчөсүнүн (№ 92, 92а, 92б үйлөрү) кесилиштеринде;
  • 15:00дөн 17:00гө чейин — Горький, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Элебаев, Медеров көчөлөрүнүн, Садовой, Уфимский, Береговой жана Гранитный кууш көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
Жаңылыктар түрмөгү
0