"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үйдө жалаң кыздар болгондуктан апасы менен атасынын жемесин угуп чоңойгон кыздын каты келип түшкөн.
Саламатсыздарбы, мага жардамыңыздар керек. Психологдон кеңеш алып берсеңиздер. Негизи адам баласы бетке чабар, ачык болушу керек окшойт. Мен жашоодо абдан тартынчаак, жоошмун. Ошондуктан көп кыйынчылыктарды тарта берем. Бир үйдө удаа-удаа төрт кыз чоңойдук. Атам "уулум жок" деп бизди жерип жүрдү. Ага чекебиз жылып эркелей деле алган жокпуз. Атамдын жанында өзүбүздү дайыма күнөөлүү сезчү элек. Кичинебизде "аталап" жанына барсак кагып салчу. Ошол себептен бой жеткенде деле жанына батынып бара алган жокмун. Үйдө уруш болсо апамды "кыз тууйсуң" деп сөгүп-сагып жатып калчу. Андайда биз мойнубузду шылкыйтып туруп бергенибизди эстеп зээним кейийт. Ошентип жүрүп апам да оорукчан болуп калды. Акыры атам бизди таштап, башкага үйлөнүп алган. Ал кезде мен мектепте чоң класста окуп, сиңдилерим деле эс тартып калган. Атам энеме каралашканга да жараган жок. Ошентип түйшүк менен чоңойгонбуз. Эстеп көрсөм, атам мени бир да жолу мээрим менен карап, чекемден сылабаптыр. Азыр жашым 27ге келди. Кафеде, тигүү цехтеринде иштеп апама, сиңдилериме жардам берем. Жогорку окуу жайында окуган жокмун. Түйшүкчүл болдум. Ушуга чейин эркек аттуу менен кадимки кыз-жигиттей сүйлөшө албайм. Жадагалса эркек адам жумуш тууралуу кайрылса деле башымды салып сүйлөшөт экенмин. Башкалардай шатыра-шатман тамашалашып, ачык, тарсылдап мамиле жасай албайм. Күнөөлүү кишидей үрпөйүп жүрөм. Ушул мүнөзүмдөн өзүм дагы тажап, кыйналып кеттим.
— Ата-эненин ортосундагы бири-бирине жасаган зомбулуктун кесепети балдарына сөз жок тиет. Бул жерде да кат жазган кыз ошондой мамиленин курмандыгы болгон. Ата-энесинен кордук, зомбулук көрүп чоңойгон кыз эркектерге ишенбей коркок болуп калат. Башка бирөөнүн жеке үстөмдүгүндө жашап чоңойгон адам — абдан жоош, бирөөгө баш көтөрүп оюн айта албаган жалтак мүнөз болуп калат.
Атаңыз апаңызга "кыз тууйсуң" дей берип силердин жеке адамдык интеллектиңерди да түшүрүп салган окшойт. Өзүңүзгө ишенимдүү болуп, жакшы сапаттарыңызды баалай жүрүңүз. Эч качан коркпоңуз.
Кыргызстанда молекулярдык ашкананын кардарлары көп болбогондуктан талап азыраак. Мындай пикирин Берик Эгинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, молекулярдык ашкананы тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо үчүн абдан көп каражат жумшалат.
"Ар бир продуктунун химиялык, физикалык жактан табигый курамы болот. Ал ар түрдүү жылуулукта өзүнүн түзүлүшүн өзгөртөт. Тажрыйбасы чоң ашпозчулар ашканада жаңы технологияларды пайдаланып, укмуштуу жыйынтыктарды беришет. Мисалы, кадимки эле шорподон ар кандай түстөгү табигый ширелерди кошуп, эмульгаторлорду аралаштырып икра жасайбыз. Эгерде молекулярдык ашкана курам десеңиз көп каражат сарпталат. Азыр ашпозчулардын көбү бул жаңы багыттагы ашкананы жакшы билишет жана кызыга башташты. Бирок аны 100 пайызга колдонушпайт. Учурда 20дан ашык ресторан аталган методду колдонуп жатат. Кыргызстанда молекулярдык ашкананын кардарлары көп болбогондуктан талап азыраак", — деди Эгинбаев.
Ошондой эле адис учурда өлкөдө молекулярдык ашканада жасалган тамактарды гурмандар, дегустаторлор гана көп сурашарын кошумчалады.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.
Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.
Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.
Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).
Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.
Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.