Өспурум автобуста. Архив

Бала өспүрүм кезде эмнеге албууттанат? Адистин түшүндүрмөсү

(жаңыланган 09:53 29.03.2021)
Психологдун айтымында, бала кайсы бир учурда ата-энесин жаман көрүп, алардан бошонгусу келип калат. Адистер бул процессти сепарация же бөлүнүп чыгуу деп коет. Бул ар бир кишинин башынан өтө турган нерсе.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бала өспүрүм куракка келгенде эмне себептен ата-энесине ит кыялын көрсөтүп калат жана мындай учурда үйдөгүлөр ага кандай мамиле кылышы керек. Бул боюнча РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог жана педагог Катерина Демина айтып берди.

"Бала кайсы бир учурда ата-энесин жаман көрүп, алардан бошонгусу келип калат. Психология илиминде бул процессти сепарация же бөлүнүп чыгуу деп коет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бала ата-энесинен индивид катары бөлүнүп, өзүнчө калыптана баштайт", — деди адис.

Психологдун айтымында, мындай учурда ата-эненин негизги катачылыгы — өзүн-өзү жек көрүп же балага таарынуусу.

"Башкача айтканда, балам эмне себептен мени жаман көрөт деп бушайман болот. Айрымдар өзүн күнөөлөп, жаман атамын, жаман энемин, туура эмес тарбия бердим деп кыйналышат. Анын ордуна баланы жайына коюп, сырттан гана байкоо салып туруш керек", — деди Демина.

Адис түшүндүргөндөй, бала "сыртка" чыгып башка адамдарды, жашоонун күнгөй-тескейин көргөн соң өз жолун табат. Ошондон тарта ата-энесине жөн гана жакшы көрүү сезими эмес, сый-урмат дагы пайда болот.

Мындай жолдон ар бир киши өз алдынча өтүп, адам катары калыптанышы керек. Андыктан психолог ата-энелерге баланын өспүрүм кездеги "албууттугун" колдон келишинче жеңил кабыл алууга чакырат.

Белгилер:
кыял, өспүрүм, психология, бала, ата-эне
Тема боюнча
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты
Өз күнүн көрүшү керек! Чоңойгон уулун бөлгүсү келбеген ата-энелерге кеңеш
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду

(жаңыланган 16:25 20.04.2021)
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.

Белгилер:
Мария Айтматова, оору, өлүм, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду
Уу коргошун. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды

(жаңыланган 16:17 20.04.2021)
ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасында түшкөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.

Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.

Ал эми айрым ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасында түшкөн.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Белгилер:
уулануу, уу коргошун, Бишкек
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео