БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктуруп алгандарды кабыл алган ооруканаларда 154 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн саат 8:00гө карата алынган:
Кошумча маалыматты стационарлардын картасынан тактоого болот.
Кыргызстанда коронавирусту бир суткада 71 киши жуктурду, 53 адам сакайып чыкса, эки бейтап көз жумду.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы ирет бир күндө коронавирус жуктурган 300 учур 2020-жылдын 14-декабрында катталган.
Ал учурда өлкөдө бир суткада 318 жаңы учур аныкталган болчу. Андан бери төрт ай өтүп, бүгүн коронавирустун 305 жаңы учуру катталды. Октябрь окуяларынан кийин ооругандардын саны тездик менен өсүп, декабрдын ортосунан тарта оору жуктургандардын статистикасы аз-аздан ылдыйлап баштаган.
Өткөн суткада өлкө боюнча алты адам коронавирустан көз жумду. Анын экөө Чүй облусунан болсо, төртөө Бишкектен каза тапкан. Буга чейин мындай көрсөткүч 12-апрелде катталган.Кыргызстанда пандемия башталгандан тарта коронавирус жалпы 91 144 адамдан табылган. Анын ичинен 86 491 киши дартты жеңсе, 1 540 бейтап каза болду.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.
Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.