Министр: күзгө чейин өлкөнү COVID-19га каршы вакцина менен камсыздап бүтөбүз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, Кытайдан Кыргызстанга SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 2021-жылдын күз мезгилине чейин өлкөнү коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылып бүтүп калабыз деп ойлойм. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда билдирди.
Министр вакцинаны алууга ар тараптан колдоо келип жатканына токтолду.
"Өткөндө Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолукканда Россияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны бар экенин айтып, баары акысыз эмделе турганын белгилеген. COVAX программасынын алкагында өлкөгө вакцинанын 2 миллион 600 миң дозасын алабыз. Ал 1 миллион 300 миң адамга жетет. 500 миң дозаны Россия берсе, Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы келди. Жакында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукканбыз. Ал дагы вакцина алууда жардам болорун айтты. Азыр Кытай Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге бул боюнча кат даярдап жатабыз. Өткөндө Москвага барганда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезиккен элек. Алар да вакцина алууда көмөк көрсөтөбүз деп жатышат. Айрымдар өз ыктыяры менен вакцинанын 500 миң дозасын алып беребиз деп убадалашууда. Бул жаатта Дүйнөлүк, Ислам банктары да жардам берүүгө кызыкдар. Күзгө чейин вакцина менен толук камсыз кылып бүтүп калабыз деп ойлойм", — деди министр.
Белгилей кетсек, Кытайдан Кыргызстанга SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.
Өлкөдө бүгүн, 29-марттан тарта эмдөө башталып, алгачкылардан болуп министр өзү эмделди.
Жаңылыктар түрмөгү
0