Спутник V вакцинасы. Архив

Кыргызстанга Россиянын "Спутник V" вакцинасы май-июнь айларында келет

(жаңыланган 12:07 29.03.2021)
Буга чейин Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Аны менен бүгүн биринчи болуп министр өзү эмделди.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы май-июнь айларында алып келинет. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мурда макулдашылгандай эле препаратты 500 миң доза өлчөмүндө алуу күтүлүүдө.

"Алгач мен Россиянын саламаттык сактоо министри менен жолукканда, кийин биздин президентибиз Владимир Владимирович менен жолукканда "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасы келе турган болгон", — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга буга чейин 150 миң доза да Кытайдын Sinopharm вакцинасы алып келинген. Аны менен бүгүн биринчи болуп министр өзү жана орун басарлары эмдөөдөн өттү.

Белгилер:
Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (51)
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы биринчи ким эмделери белгилүү болду
Министрлик: Кытай вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок
Замначальника отдела Государственной судебно-экспертной службы КР Жийдегуль Семенова на радио Sputnik Кыргызстан

Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын Диндик экспертиза башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семёнова сөз менен кылмыш жасоо үч топко бөлүнөрүн айтты.
Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.

"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.

Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.

Белгилер:
Жийдегуль Семенова, талдоо, укук, мыйзам, кеп
Тема боюнча
Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтемолог Гүлкайыр Орокчиева

Орокчиева: кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатат

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтемолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалити мээ, жүлүндү жабыркатарын айтты.
Орокчиева: кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатат

Кене энцефалити борбордук нерв системасын жабырката турган курч кармоочу вирустук оору. Ал адамга кене чакканда анын шилекейи аркылуу жугат. Миңдеген түрдүн ичинен иксод кенеси дал ушул вирусту алып жүрөт. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кооптуу кенелер Чоң-Кемин, Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоонун токойлуу жерлеринде көп кездешет.

"Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусун алдын алуу үчүн кийимдерди, денени текшерип карап туруу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, кенелерди качыруучу ар кандай крем, мазь, аэрозолдорду колдонгон оң. Күн кандай гана ысык болбосун, жеңи узун кийим кийүү зарыл. Ошондой эле багалекти байпакка кымтып, моюнду жука жоолук менен ороп алыңыздар. Эс алуудан кайткан учурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуусу керек. Эгерде денеге кене жабышып алса, баш бөлүгүн жип менен тегеретип байлап, май тамчылатып туруп, денесин башынан үзүп албастан жиптин эки учун кылдаттык менен акырын тартып алуу керек. Жабышкан кенени алган учурда эч качан аны сыгууга, басууга болбойт. Анткени баскан учурда вирусту организмге жуктуруп алуу мүмкүн. Кене чаккан жерди спирт же йод менен сүртүп коюу керек. Кенени алгандан кийин айнек идишке салып аймактык Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тапшырса, дарыгер кененин түрүн аныктап, ага жараша чара көрөт", — деди Орокчиева.

Дарыгер мээ, жүлүндү жабыркаткан энцефалитти өз учурунда дарылабаса майыптыкка же өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилер:
Гүлкайыр Орокчиева, энцефалит, мээ, вирус, кене
Тема боюнча
Кенеден кантип сактануу керектигин терапевт айтып берди