БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмделди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан Sinoрharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинип, 29-марттан тарта эмдөө башталды. Аны алгачкылардан болуп министр алып, артынан эле башка медиктер дагы эмделишкен.
Биринчи этапта вакцина Тез жардам кызматында, "кызыл" зонада иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болчу медиктерге, ошондой эле мугалимдер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылары айтылган.
Sinopharm ("Синофарм") — коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар чет элдик мамлекеттер да жактырган.Препарат активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) коронавирустун негизинде жасалганы маалым. Бул — вакцина жаратуудагы эң ынанымдуу ыкмалардын бири. Буга дейре ушул эле технология боюнча, маселен, дифтерияга, В түрүндөгү гепатитке, полиомиелитке жана көк жөтөлгө (коклюш) каршы вакциналар чыгарылган.
Аталган препарат менен 65 өлкөдөгү 12 миллиондон ашык киши эмделди.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кеңири жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.