БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Тез жардам унааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 19 миллион сомго чукул зыян келтиргени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн каражаттын эсебинен тез жардам унаалары мыйзам бузуу менен сатып алынган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 21-сентябрында "Коопсуз шаар" долбоорунун каражатынын эсебинен деп 66 даана тез жардам унаасын сатып алуу боюнча негизсиз протоколдук чечим чыгарган. Ал эми 21-октябрда министрлик "В" ЖЧКсы менен "Газель Соболь 4х4" үлгүсүндөгү унааларды алуу үчүн 193 миллион сомго (ар бири 2 миллион 924 миң 267 сом) келишим түзгөн.
"Ошону менен бирге автоунаалар Россияда чыгарылганын, ал жакта орус акчасы "рубль" колдонулганын эске албастан, келишимде 66 тез жардам унаасынын жалпы баасы 2 миллион 504 миң 898 доллар (ар бири 37 953 доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн. Доллардын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес, 8-августтагы курс менен эсептелген. Буга байланыштуу ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго негизсиз түрдө жогорулатылган", — деп айтылат маалыматта.
Мунун натыйжасында мамлекетке 18 миллион 976 миң 681 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Бул кылмыш иши боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүп берилди.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.
Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.