Төкмө акын Идрис Айитбаев: сындап ырдаганым үчүн сес көрсөткөн "чоңдор" болгон

© Sputnik / Асель СыдыковаАкын-импровизатор Идрис Айитбаев
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Бишкекте "Айтыш" фондунун 20 жылдыгына жана Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата өткөн айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеңип, 200 миң сомго ээ болду.
Төкмө акындардын республикалык айтышы жогорку деңгээлде өттү. Аталган айтышта 12 акын күч сынашкан. Анда финалга чыккан Баян Акматов 1-орунду (150 миң сом), Акмат Султан уулу 2-орунду (100 миң сом), үчүнчү орунду Тынчтык Эсенбай уулу (50 миң сом) ээледи.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул айтыштын баш байгесин жеңип алган төкмө акын Идрис Айитбаев менен маек даярдады.
— Байгеңиз кут болсун! Кандай сезимде болуп жатасыз?
— Сөзмөр, чечен болсоң да бул кубанычыңды сүрөттөп айтып берүү кыйын. Албетте, узагынан сүйүнтсүн! Бирок 1-орунду алуу оңой, ар дайым биринчи бойдон калуу кыйын. Ошондуктан айтышта биринчи боло албасак да, жашоодо биринчи бололу деп ойлойм.
© Фото / пресс-служба ОФ "Айтыш"Төкмө акын Идрис Айитбаев: сөзмөр, чечен болсоң да бул кубанычыңды сүрөттөп айтып берүү кыйын. Албетте, узагынан сүйүнтсүн! Бирок 1-орунду алуу оңой, ар дайым биринчи бойдон калуу кыйын
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев: сөзмөр, чечен болсоң да бул кубанычыңды сүрөттөп айтып берүү кыйын. Албетте, узагынан сүйүнтсүн! Бирок 1-орунду алуу оңой, ар дайым биринчи бойдон калуу кыйын
— Негизи айтыштарга келгенде төкмө акындар жаттап албаса да оюн, айта турган сөзүн дайындап алышат. Сиз бул айтышка канча күн даярдандыңыз?
МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2015
Тоголок Молдо — өмүр баяны
— Негизи бир күн гана даярдандым. Алгач катышпайм деп отургам, бирок ички сезимдерим эч тынчтык бербеди. Айтышка бир күн калганда даярданып келдим. Ошол себептен бир гана китеп окудум. Болбосо ар бир айтышка жок дегенде эки-үч китеп окуп, анан чыгуу керек. Анткени эң ириде төкмө акындын интеллектуалдык деңгээли жогору болушу зарыл. Өзүн таптап, сөзүн тактап жүрбөсө акын алдыга жылбай калат. Бул бир, экинчиден, акындын үнүнүн бүткөнү — анын күнүнүн бүткөнү. Ошондуктан муздак бир нерселерди жебей, үндү абайлайсың. Бул айтышка Оштон аттанып чыкканда "барайын, кайсы орунга жетишсем да байгемдин бир бөлүгүн кайрымдуулукка берейин" деп ниет кылгам. Балким, ошол себептен жолум ачылып, баш байгеге жеттик. Буюрса, байгемди алып, жетим-жесирлердин башын сылаганы бара жатам.
— Эл арасында "Эшмамбет, Токтогул, Жеңижоктун өз обону, өз нугу бар эле. Азыркы төкмө акындардын өзүнө таандык кайрыгы жок" деген сын айтылат. Сиз да бул айтышта эки-үч обонго салып ырдадыңыз, анан айтыштын деңгээли да мурункудан өскөнү байкалат. Буга кандай баа бердиңиз?
— Айтыш ар дайым алдыга жылат. Ал бир орунда токтоп турбайт. 20 жыл ичинде бул жаатта да бир топ ийгиликтер жаралды. Ал үчүн Садык Шер-Нияз агайыбызга, уюштуруучуларга, устаттарга рахмат! Сөзүңүзгө кайсы бир деңгээлде кошулам. Биз эски мотив менен ырдап жатабыз. Изденүү жок. Бул ирет мен жаңы ыкма — мажордук мотив менен келдим. Финалда сүйүнүч сезимди козгой турган жаңы ыргактагы обонду аткарып чыктым. Ушул обон негедир көңүлүмө жакты. Өзүмдү эл чогултуп, жакшылыкка жар салып келген жарчы сымал элестеттим. Буюрса, алдыдагы айтыштарда бул обонумду көп-көп пайдаланып, ырдап турам. Элмирбек агабыздын (Элмирбек Иманалиев — ред.) айтышта өзүнүн обону бар болчу. Аны "бул Элмирбектин обону" деп айтып калдык. Ушул обонумду да "Идрис акындын ырлары" деген даражага чыгарарбыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаТөкмө акын Идрис Айитбаев: айтыш ар дайым алдыга жылат. Ал бир орунда токтоп турбайт. 20 жыл ичинде бул жаатта да бир топ ийгиликтер жаралды. Ал үчүн Садык Шер-Нияз агайыбызга, уюштуруучуларга, устаттарга рахмат!
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев: айтыш ар дайым алдыга жылат. Ал бир орунда токтоп турбайт. 20 жыл ичинде бул жаатта да бир топ ийгиликтер жаралды. Ал үчүн Садык Шер-Нияз агайыбызга, уюштуруучуларга, устаттарга рахмат!
— Обонуңузду эл кандай кабыл алды? Сиз күткөндөй эле болдубу?
— Эл жакшы кабыл алды. Бул обондун ыргагы угармандын кулагына жагымдуу болот. Акындар дайыма изденет. Ооба, сындагандар да көп. Бирок аны менен сынып калбоо керек.
Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2020
Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги
Ошондой эле көрүнүктүү өнөр адамдары, маданият өкүлдөрү бал жеп жатканы менен анын да жоопкерчилиги бар. Себеби эл кол чаап, сый көрсөткөнү менен муну көтөрө билүү керек. Атакка мас болуп, текеберчиликке алдырып коюудан алыс болгон жакшы. Мен да өзүмө ордумду билип жүрүүнү көп эскертем. Айрым учурда акындыкты таштасамбы деген ойлор келди. Чынын айтайын, ызаланган учурлар болду. Кээде башкалар тарабынан тилиңди кыскандай мойнуңду да кыскан кезеңдер болуп калат. Бирок Элмирбек устаз өмүрдөн өткөн соң "болду, мен акындыкты таштабайм" деп кайра өнөргө аттандым. Устаз каза болгондон кийин өзүмө-өзүм батпай аябай ыйладым. Негизи өнөрдүн жоопкерчилигин көтөрүү кыйын болгону менен алты миллион элдин арасында Кудай тандап ушул өнөрдү берген соң, анын да акысын кайтаруу керек экен деп түшүндүм.
— Саясатчыларды же башка таасири барларды сындап ырдаганда сес көрсөткөн учурлар болду беле?
— Чынын айтсам, андайлар болот. Менин да жашоомдо кездешкен. Балким, айтышты таштасамбы деген ойлор ушундан улам да келгендир.
— Өзүңүз мугалимсиз, театрда да иштейсиз. Төкмөлүк өнөргө кантип убакыт таап, кайсы убакта даярданасыз? Анткени өнөрдү да багуу керек эмеспи...
— Мурунку залкар төкмө акындардын заманында азыркыдай технология болгондо алар укмуш сонун нерселерди жасамак. Анткени булар өз заманынын уникалдуу инсандары болгон. Мисалы, кечээки эле айтышты алсак, Тоголок Молдо атабыз тогуз тилди билген. Балдарга сабак берип, агартуучулукту да аркалаган. Ошондой эле комуз чертип, тамсил, жомок айтып, манасчылык да өнөрү болгон. Башкача айтканда, төрт тарабы төп келген жорго эле. Көрдүңүзбү, төкмө акын деген кандай болушу керек. Азыркы акындар ошол деңгээлге жетип, өсө албай жатпайбызбы. Кээде чындап моюнга алалы, жамактан ары чыга албайбыз. Жаттап алганыбызды айтып эле отурабыз. Мунун негизги себеби, азыр акындар бир эле төкмөлүк өнөр менен үй-бүлөбүздү бага албай жаткандыгыбызда. Бизде бир жылда бир эле айтыш болот. Анын да байгесин төрт эле акын алат. Калган акындар кур кол эле келип кетет. Натыйжада төкмөлөр көр-тириликке аралашып, кетмен кармоого аргасыз. Көптөрүбүз акындык өнөрдүн акысын бере албай жатабыз.
© Фото / из личного архива Идриса АйитбаеваТөкмө акын Идрис Айитбаев: акындык, төкмөлүк өнөрдү жок кылуу деген кыргыз улутунун тамырын кесип салуу менен барабар
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев: акындык, төкмөлүк өнөрдү жок кылуу деген кыргыз улутунун тамырын кесип салуу менен барабар
— Мунун бир себеби материалдык муктаждык дейсизби?
— Ооба. Мен деле үч жылдан бери айтышка катыша элекмин. Мугалимдик кесип менен үй-бүлөмдү багып жатам. Учурдан пайдаланып колунда бар бай-манаптарга, акындыкты аздектеген инсандарга кайрылар элем, кыргызга берилген улуу өнөрдү аркалап жүргөн акын кыздар-балдарыңарды таптап, кубаттап колдоп алгыла. Акындык, төкмөлүк өнөрдү жок кылуу деген кыргыз улутунун тамырын кесип салуу менен барабар. Ошол себептен "бул акын кыйын, мунусу мындай" деп экинчисин бөлүп, баса чаап салбагыла. Ар биринин өзүнө тийиштүү өзгөчөлүгү, орду бар. Казактарда төкмө акындардын мектеби иш алып барып, балдарын кадимкидей ар тараптан таптап жатышат. Убак-убагы менен аймактарда айтыштарды өткөрүп турушат. Бизде да акындар мектебин ачуу учуру келди.
— Буга чейин кыргыз-казак айтыштары болуп келген. Бирок акындар "эл аралык айтышта элдин, мамлекеттин көйгөйүн айта албай бир аз чектелип каласың" дешет. Негизи эл аралык айтыш менен республикалык айтыштын айырмасы болсо керек?
— Эл аралык айтышта биринчи орунда ынтымакты, эки элдин ортосундагы достукту даңазалап, кылымды карытып келген кыргыз-казак мамилесин бекемдеген тактиканы кармануу керек. Ал эми республикалык айтышта кыргыз элинин духун көтөрүп, желегибизди желбиретели деген тейде элди алдыга сүрөгөн айтыш өткөрүп турууну сунуштайм. Биз эми айтышты саясатты сындоо катары түшүнүп алдык. Менин баамымда, саясатты ырдаса, аксакал акындар ырдасын. Ал эми кечээ чыгып келе жаткан жаш акындар илим-билимди, биримдик, достук, адеп-ахлакты, тарыхты, чыныгы махабат, сатираны ырдап берсин. Анан депутаттарды 120 койго, президентти акылсыз тентекке теңеп төккөн туура эмес. Бул жашоо, көп нерсени үйрөнө элекпиз.
© Sputnik / Асель СыдыковаТөкмө акын Идрис Айитбаев
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев
— Айтышта балачагыңызда көп кыйынчылыктар болгонун да айтыптырсыз...
— Атаандашым "сен кыйынчылык билбей чоңойдуң, президенттин берген машинасын минип эле жыргап жүрөсүң" деген сөздү айтып койду. Ошондон улам "менин кыйналганымды, жыртык бут кийимди бири-бирине жамап кийген балалык кезимди, же болбосо таштандыдан таап кийген пальтолорумду, күнүнө талаалап иштеп бир күндө 30 сом тапкан күндөрүмдү сен каяктан билмек элең?" деп жооп берүүгө туура келди. Чындап эле эгемендүүлүк алган учурда Өзбекстанда абдан кыйналган күндөр болгон. Бул эми менин эле башымдан өткөн окуя эмес.
— 2016-жылы эки өлкөнүн президенттеринин алдында кыргыз-өзбек достугун төгүп ырдадыңыз эле. Өзбекстанга ата-энеңизге бара албай калганыңызды айткансыз. Азыр каттап жатасызбы?
— Ооба, жакында эле үч-төрт күн ата-энемдин жанында болуп келдим. Негизинен бардык коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болушубузду каалайм. Азыр каалаган учурда бара алам, ата-энемди бул жакка да алып келип турам.
Жаңылыктар түрмөгү
0