Аны менен катар Кыргызстандын Avia Traffic компаниясы жазгы-жайкы сезонго байланыштуу эл аралык авиакаттамдар ачыларын билдирген. Тагыраак айтканда, Бишкектен Россиянын Воронеж, Грозный, Иркутск, Казань, Краснодар, Новосибирск жана Сургут шаарларына учмак.
Бирок кайра эле 29-мартта кечинде аэропорттун маалымат кызматы Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым каттамдар токтотулганын айткан.
Sputnik Кыргызстан окурмандарга азыркы тапта кайсы эл аралык авиакаттамдар, кандай багыттар боюнча учуп жатканын тактап берүүнү чечти.
Россиянын башка шаарларына негиздеме менен чартердик каттамдар гана аткарылууда.
Air Astana авиакомпаниясы Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча дүйшөмбүдөн жумага чейинки каттамдарын 30-апрелге чейин токтоткон.
Деген менен Avia Traffic авиакомпаниясы Воронеж, Грозный, Иркутск, Казань, Краснодар, Новосибирск жана Сургут шаарларына каттамдарын токтотту деген маалыматты четке какты.
"Авиакомпаниянын бул шаарларга учууга уруксаты бар, бирок азырынча Россия тараптан уруксат бериле элек", — деп билдиришти компаниядан.
Ал эми Кытай чек арасын ача электигине байланыштуу Үрүмчү жана башка калааларына өзгөчө көрсөтмө берилгенге чейин самолёттор учпай турган болду.
Жүргүнчүлөргө каттамдардын расписаниесин аэропорттун расмий сайтынан тактап алуу сунушталат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Рубрика:
Инжект: https://sputnik.kg/society/20210417/1052170407/majrambek-tojgonbaev-33-zhashynda-kaza-boldu.html
Теги: Чыңгыз Айтматов Мария Айтматова өлүм оору
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.
Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.