Премьер-министр Улукбек Марипов эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме учурунда

Марипов: абалдын начарлашына даяр болушубуз керек

(жаңыланган 19:01 30.03.2021)
Фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармектерге карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мындан ары өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар коронавирус инфекциясынын жайылуу динамикасын эске алуу менен дары-дармектерди алып келишет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешмеде белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республикадагы бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармекке карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.

«Бишкекте жана Чүй облусунун айрым райондорундагы оорунун өсүшү боюнча абал кооптондурууда. Биз окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына, анын ичинде абалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Саламаттык сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден соолугуна, мектептерде жана бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек. Республикалык ыкчам штаб ишти активдештирип, эпидемиологиялык абалды мониторингдөө жана көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Абал начарлап кеткен учурда өз учурунда чараларды кабыл алуусу тийиш», — деди ал.

Маалыматта ушул жуманын соңуна чейин коронавирустун жайылуу динамикасын эске алуу менен график уюштурула турганы айтылды.

"Ал график боюнча фармацевтикалык компаниялар өз кампаларына жана дарыкана тармактарына препараттарды алып келип турушат. Натыйжада, рыноктогу дары-дармек тартыштыгы жаралбашы керек", — деп айтылат билидирүүдө.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек каражаттары чыгарылып, өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилгени айтылды.

"Медициналык мекемелерде 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар. Бардык дарыкана пункттары дары-дармектердин тийиштүү запасы менен камсыздалган. Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору бар", — деп жазылган маалыматта.

32 мекемеде стационардык кычкылтек станциялары орнотулган, 12 объектиде аларды орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталууда.

 

 

 

Белгилер:
абал, коронавирус, өкмөт, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2672)
Тема боюнча
Министрлик коронавируска каршы канча киши эмделгенин айтты
Бир киши каза болуп, 113 кишиден вирус табылды. COVID статистикасы
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар