Тамактанып жаткан өспүрүм. Архив

Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот

Эксперт белгилегендей, азыр балдарга D витамини, омега-3 майлуу кычкылы, йод, цинк, магний жетишпейт.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бала кезден туура тамактануу келечекте адамдын ийгиликтүү, толук кандуу болуп калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, эксперт Михаил Гинзбургдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Адис белгилегендей, азыр балдарга D витамини, омега-3 майлуу кычкылы, йод, цинк, магний жетишпейт.

"Туура эмес тамактанганда адам толук кандуу өнүкпөй калат. Бирок бул акылы аз болуп калат дегенге жатпайт, болгону ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү азыраак болот", — деген адис.

Ал эксперттер туура эмес тамактануу менен маанайдын байланышы бар экенине токтолгон.

"Бала кичине кезинде ашыкча салмак менен жабыркап, толсо, анысы чоңойгондо да кайталанат. Кээ бир балдар эрте чылым чегип, ичимдикке көнүп жатканын туура эмес жана толук кандуу эмес тамактануудан көрөм", — деген эксперт.

Гинзбург балдарга керектүү витаминдер деңиз азыктарында, жашылчада, акшактын түрлөрүндө көп болорун белгилеген. Анын айтымында, туура тамактануу көп каражатты талап кылбайт, болгону ага көнүп, аны адатка айлантуу зарыл.

Белгилер:
медицина, эксперт, азык, туура тамактануу, бала
Тема боюнча
Адис узак өмүр сүрүүнү шарттаган азыктарды атады
Автоунаанын мамлекеттик номерлери. Архив

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты

(жаңыланган 16:30 14.04.2021)
2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Аны сатууга аукцион уюштурулду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.

"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилер:
алюминий, темир, мамлекеттик номер, аукцион, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн
РФ президенти Владимир Путин. Архив

Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

(жаңыланган 16:33 14.04.2021)
Россия башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алып, өзүн жакшы сезип, дароо ишке чыккан. Администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.

Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.

Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат